Райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун медкызматкерлеринин тобунан турган “Ден соолук кербени” жакынкы мезгилдерде айылдарды кыдырмакчы. Бул тууралуу Чаткал райондук ЖДПБнын директору Санжарбек Таиров маалымдады. Ал маалымдагандай, бул тууралуу райондук жетекчилик менен сүйлөшүлгөн.
Азырынча, “Ден соолук кербенинин” айылдарды кыдырууга качан чыгаары али белгилене элек, айылдарды кыдыруу мезгили район калкына алдын ала кабарланмакчы. –“Ден соолук кербенинин” райондун ар бир айылында бир күндөн иш жүргүзөт, биздин максат-айыл калкынын ден соолугун бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп, ооруларды жеринде аныктоо болуп саналат. “Ден соолук кербенинин” курамында тийиштүү медкызматкерлер болот-дейт С. Таиров.
Т. Алмарсбек кызы]]>