Район борбору Каныш-Кыя айылында эки жеке менчик дарыкана иш жүргүзөт. Булар элдин керектүү дары-дармекке болгон талабын канааттандыра алган менен, ишемби жана жекшемби күндөрү иштебегендиктен, бүгүнкүдөй сасык тумоодон улам кооптуу учурда алыскы айылдардан керектүү дары-дармек издеп келгендерге же, чукул дары-дармек керек болуп калган жарандарга кыйынчылык жаралбай койбойт. Аталган маселе жакында раймамадминистрацияда болуп өткөн жыйында айтылды. Бул маселеде сөз кылган район акиминин орунбасары Ж. Накетаев жогоруда айтылган маселени чечүү үчүн аталган эки дарыкана башчылары менен ишемби жана жекшемби күндөрү өз ара келишип убакыт таап, иштеп туруулары боюнча райондук жетекчилик тарабынан сүйлөшүү жүргүзүлөөрүн билдирди.
М. Эшназаров ]]>