Коом

Ашыркул Абдыкеримовдой инсандар көп болсун

26

20160210_090912 (2)20160210_091053 (2)Алар жумушта да  жумуштан кийинда мугалим. Айтайын дегеним,  мугалимдер өмур бою билим кенин казуунун  үстүндө изденип 20160210_090912 (3)келишет. Бул дүйнөдөн өтсө да, алардын алардын алтын ысымдары  кагаз бетинде кылымдарга өчпөс болуп сакталып калат. Анткени бул кесиптин ээлери дайыма эл оозуна, эл журөгүндө , эл кызматында. Мына ушундай мугалимдик кесипти  аркалап, миңдеген балдарга билим ачкычын карматкан  мугалимдердин бири-Ашыркул Абдыкеримов. Көзү тирүү кезде  дасыккан  билимин окуучуларга үйрөтуп,  канчалаган окуучуларды билим уясынан  учуруп, аларды түз багыт жолуна сала алды. Агайдын өткөн жолуна кылчайсак, ал 1946-жылы 12- апрелде Коргон-Сай айылында  жумушчунун үй булөсундө туулган.  1963-1965 – жылдары Шакафтар мектеп  интернатында 10-классты ийгиликтүү аяктап, 1966-жылы  Ош педагогикалык институтуна кирип, 1967-жылы  Советтик армиянын катарына чакырылган. 1969-жылы аскердик милдетин аяктаган соң,  1969-жылдан тартып кайрадан окуусун улантып, 1971-жылдан 1973-жылга чейин Куйбышев  орто мектебинде иштеп, 1973-жылы азыркы Башкы-Терек айылындагы мектепте алгачкы башталгыч классын  ачып,окуу бөлүм башчысы болуп  эмгектенген. 1975-жылы Коргон –Сай айылындагы мектепке которулуп башталгыч класстар мугалими болуп,1987-жылы окуу бөлум башчысы катары 1991-жылга чейин кызмат өтөп, 1995-жылдан аталган айылдын тургундарынын колдоосу,  ишеними менен аксакалдар соту болуп 2004-жылга чейин  эл кызматында болгон. Агайдын эмгектери  бааланып, 1997-жылы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  буйругу менен алкыш жарыяланып, 2003-жылы Кыргыз республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин “Отличниги” төш белгиси ыйгарылган. Ашыркул Абдыкеримов 2007-жылы күтүүсүздөн бул жарык дүйнө менен кош айтышып коштошту. агайдын көзү тирүу болгондо мындан  да көп ийгилик, алкыштарга жетишмек. Анткени,  агайдын билими эмгектери чоң тоодой эле.20160210_091053 (3) Уядан учурган окуучулары  бүгүнкү күндө  республиканын ар кайсы аймактарында  жогорку кызматтарда иштеп,  агайдай дасыккан  окутуучулар болуп  иштешүүдө. Көзү өтсө да, артында окуучулары шакирттери  жана  замандаш кесиптештери ал тууралуу эскерип келишет. IMG-20160209-WA0004Мына ушундай улуу  инсандын эмгектери  колдоого алынып, 2013-жылы К.Акназаров орто мектебинин бир канаасына агайдынIMG-20160209-WA0003 ысымы  коюлуп, ал жерге анын эмгек жолу, сүрөттөрү коюлган. Ал бөлмө агайдын элесин элге көрсөтүп турмакчы. Тактап айтканда,IMG-20160209-WA0002 20160210_091157 (2)агайды Коргон-Сай айылынын биринчи мугалими  Дүйшөн агай десек да болчудай. Өчпөс болуп артында изи калган инсандын  үч 20160210_091053 (4)кыз,  беш уулу эр жетишип, ар кайсы тармакта эмгектенишүүдө. 20160210_090912 (4)Уул-кыздарына  татыктуу тарбия берүу менен  аларды жогорку окуу жайларга  окутуп  эки кызын тең өз кесибине  багыт алдырып, учурда кыздары  мугалимдик кесипти аркалашып келишет. Быйыл агайдын көзү тирүу  болгондо 69-жашка чыкмак.Үй бүлөсү, өмүрлүк жубайы  Ажар апа жана чоң  атасын  таятасын күн сайын  эстеген 21 небереси  агайдай улуу инсандардан  болушуп, калк ичинде бар болушсун. Г. Ташбаева, КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь