Февраль айынын 3 үндө раймамадминистрацияда Жалал-Абад областтык ЭжЭКОК №1 чечиминин негизинде, область боюнча ботулизм оорусунун катталгандыгы жөнүндө жана райондогу тиешелүү ишканалардын тамак-аштан ууланууну болтурбоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерине байланыштуу райондогу билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчылары жана жеке менчик тамак-аш сатуу жайларынын ээлери катышкан чукул жыйын өттү.
Жыйында эки маселе-өткүр респиратордук вирустук оорулардын алдын алуунун абалы жана райондогу тиешелүү ишканалардын тамак-аштан ууланууну болтурбоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселелер коюлуп, алгачкы маселе боюнча райондук ОААжМСЭКБнын башкы дарыгери Гүлбарчын Акылбекова баяндама жасады. Баяндамада белгиленгендей, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы өткүр респиратордук вирустук оорулар өткөн 2014-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп катталган. Мындан, көпчүлүк ооруп кайрылгандар мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар болуп эсептелет.
Жаңырган жылда жогорудагыдай оорулардын алдын алуу иштеринин деңгээлин билүү максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында февраль айынын башында ОААжМСЭКБнын кызматкерлери Кайың-Суу ФАПына, райондук ЖДПБга, №46 кесиптик лицейге, Кайың-Суу, С. Байдөөлөтов орто мектептерине жана “Наристе” балдар бакчасына барышып, жылуулукту өз деңгээлинде кармоо, тамак-аш даярдоодогу санитардык эрежелерди сактоо бир топ мүчүлүштүктөрдү таап чыгышкан.
Жыйында акыркы кездерде республикада кооптуулук жаратып жаткан ботулизм оорусунун алдын алуу боюнча да маселе козголду. Баяндамачы Г. Акылбекова маалымдагандай, Жалал-Абад областы боюнча 2015-жылы 13 үй-бүлөдөн 26 адам ботулизм оорусу менен катталды. Бул катталган оорулуулардын баары эле үйдө жасалган консерваланган салат же үй шартында жасалган туздалган бадыраң жешип, ууланышкан. Ботулизм оорусунда бардык организмге бат таркоочу токсин болгондуктан, медициналык жардам эрте берилүүсү тийиш. Ботулизм оорусуна каршы сыворотка да 10 саатка чейин жасалыш керек жана күмөндөлгөн адамдар ооруканага жаткырылып, медкызматкерлердин көзөмөлүндө болушу керек.
Ал эми 2016-жылдын 6-январында Тогуз-Торо районунан 4 адам ботулизм оорусуна шектелип, бейтапканага жаткырылган бирок, сыворотканын жоктугуна байланыштуу, Бишкекке кетип бара жаткан 4 оорулуудан 2 өөсү каза болушкан. Бул оорулуулар да үйдө жасалган салат жешип, ууланууга чалдыгышкан. Ботулизм оорусу өтө аз катталганы менен, буга чалдыккандар 60-70% өлүмгө дуушар болушу менен кооптуу.
Ботулизм оорусунун алдын алуу боюнча Чаткал районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр белгилүү болгон.
Бүгүнкү күндө райондо 26 коомдук тамактануучу жай, 1 базар, 54 соода сатык түйүндөрү, 6 дарылоо мекемелеринин ашканалары бар болуп, 2015-жылы аларга карата 102 жолу текшерүү жүргүзүлгөн. Райондун борборунда жайгашкан соода түйүндөрүнө жана тамак-аш жасап сатуучу жайларга 1-февраль күнү рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүп, бир топ кемчиликтер табылды. Тактап айтканда, айрым дүкөндөрдүн сатуучусу медкароодон өтпөгөн, атайын кийим менен камсыз болбогон, дүкөндө жылытуу системасы жок, көпчүлүк товарлар бири бирине аралашып, жерге эле коюлуп, стеллаждар менен камсыздалбаган. Айрымдарында сактоо мөөнөтү өткөн майонездер, жасалган дареги жана мөөнөтү жок пирожныйлар сатыкка коюлган, морозильниктерде балык, пельмень, майонездер иретсиз, маркировкасыз аралаш жайгаштырылып, колбаса, балык, пельмендер кайсы күнү дүкөнгө алынып келингени боюнча журналда катталып, маркировка басылбаган. Буга кошо эле, үй шартында жасалган курамында баклажан, бадыраң кошулган салаттар, эч кандай мөөнөтү, кайда жасалганы тууралуу маалым этикеткасы жок торт жана колдо жасалган самсалар, андан сырткары документтери жок эттер, сосискалар, пирожныйлар б.а. кооптуу тамак-аштар ачык, муздаткычка коюлбай сатыкка коюлган. Дүкөндөрдө күн сайын нымдуу тазалоо иштери жасалбайт. Эгерде ушундай азыктарды сатып, андан кокусунан бир уулануу катталса, ага түздөн-түз сатуучу күнөөлүү деп табылып, мыйзам чегинде жооп бермекчи.
Мектеп жана бала-бакчаларга да сертификаттары жок пряник, коржиктер алынат, тендер уткан сатуучулар аркылуу ташылат, буларда да ушундай эле көрүнүш. Мыйзам боюнча ал жерде директор жана бакча башчылары жооп беришет. Ошондуктан тендер өткөрүү учурунда ушул милдеттер көп көңүл бурулуусу зарыл.
Чаткал районунда өткөн жылы ботулизм оорусу катталган жок, бирок өткүр ичеги карын оорулары менен 213 адам оорушкан. Азыркы кундо Чаткал ЖДПБунда 10 доза ( А-1, В-5,Е-4) жана Сумсар ЖДБунда (А-5, В-5, Е-5) 15 доза вакцина ботулизмге каршы сывороткалар бар.
2015-жылдын 7,8 апрель кундору тамак-аш коопсуздугу боюнча, райондун соода сатык, кафелерди иштеткен жеке ишкерлерге, мугалимдерге тегерек стол, семинар-тренинг өткөрүлгөн. Билим берүүдө 16 мектепте, 11 медициналык мекемелерде ботулизм боюнча санитардык бюллетендер чыгарылган, диктанттар жаздырылган. Райондук «Чаткал оттору» газетасына ботулизм боюнча август айында №16 санына бир макала жарыяланган.
Жыйындын жүрүшундө күн тартибинде коюлган маселеге тиешелүү мекемелердин жетекчилери суроолорго жооп беришти. Райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ж. Накетаев жыйында айтылган маселелерди жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге талаптарды койду.
М. Эшназаров
]]>