Жергиликтүү кабарлар

Элдик жыйындар өтүүдө

74

акташ соцфондIMG_20160126_104432 Элдик жыйын алгач Ак-Таш айылында болду. Жыйында негизинен, айыл тургундары соцфонд төлөмдөрүнүн жогорулагандыгына нааразылыгын билдиришип, райондук соцфонд башкармалыгынын башчысы Адылбек Эшикуловго бир топ суроолорду беришти. Өз кезегинде Адылбек Эшикулов суроолорго жооп берип, соцфонд төлөмдөрү боюнча мыйзам КР. ЖК тарабынан колдоо таап, КР. Президенти тарабынан кабыл алынгандыгын ал эми, райондук соцфонд аткаруучу гана орган экендигин, райондук соцфонддон эч нерсе чечилбесин билдирип, соцфонд төлөмдөрү тийиштүү жогорку органдар тарабынан кайрадан каралып жаткандыгын, ага карата райондон сунуштар жиберилгендигин маалымдады.курулуш сходIMG_20160126_141040 Элдик жыйында мындан сырткары, айылга «Тез жардам» автоунаасы керек экендигин айтышты. Аким К. Эшалиев райондук борборлоштурулган ооруканадагы бир «Тез жардам» автоунаасын айылга бөлдүрүп берээрин билдирди. Айыл тургундары айылда электр энергиясынын ашыкча чыңалуусунан улам жарык тез-тез өчүп калып жаткандыгын билдиришти. Бул маселе боюнча жооп берген РЭС башчысы Кылыч Жарашов айылдагы чегара заставасына жакында орнотулган трансформаторго айылдагы үйлөрдү бөлүп, чыңалууну калыбына келтирип берээрин айтты. Элдик жыйындын жүрүшүндө мындан сырткары салык, саламаттыкты сактоо жаатында да бир топ суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Аким К. Эшалиев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө жигердүү салым кошкон айыл тургундарына ыраазылыгын билдирди. Элдик жыйын андан ары Курулуш айылында улантылып, мында райондук ветборбордун башчысы Жунусбек Жолдошев малды дарылоо иштери февраль айында башталаарын, бүгүнкү күнгө кутурма оорусуна каршы беш миң вакцина келгендигин билдирди. Ал өткөн жылы республика боюнча ветеринария иштерине 60 млн. бөлүнсө, быйыл бул сумма эки эсе көбөйтүлүп, 130 млн. сом бөлүнүп жаткандыгын маалымдады. курулуш сходIMG_20160126_140407курулуш сходIMG_20160126_140248 Курулуш айылынын суу жээктерин өзөн суусу жеп, айрым үйлөргө жакындап жаткандыгы, айылдагы С. Мырзалиев орто мектебинин курулуш сходIMG_20160126_140320имаратынын эскирип бараткандыгы, айылдагы ФАПты ылайыктуу имаратка көчүрүү тууралуу көйгөйлөр айтылып, аким К. Эшалиев бул маселелер боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү  КР.ӨКМнин райондогу өкүлү А. Сулаймановго жана райондук борборлоштурулган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Б. Баймырзаевге тапшырды. Жаңы-Базар айылындагы болгон элдик жыйында да жогорудагыдай маселелер көтөрүлүп, айтылган маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер жооп беришти. Мындагы элдик жыйында айыл тургуну А. Абдылдаев өткөн жылдары Чаткал айыл аймагы тарабынан аткарылган Жаңы-Базар айылына таза суу чыгаруу, жаныбазар сходIMG_1697көчө чырактарын орнотуу, Ак-Булак каналын ишке киргизүү жумуштарына байланыштуу сын пикирин билдирди.  Бул маселелер боюнча Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров жооп берип, аталган маселелер боюнча жогорку тийиштүү органдар тарабынан ондон ашуун текшерүүлөр келип, эч бир кемчилик табылбагандыгын, эгер кемчиликтер табылган болсо, эбак мыйзам боюнча чаралар көрүлмөк экендигин айтты жана таза суу чыгаруу жана көчө чырактарын орнотуу иштерине айыл аймактын бюджетинен бир тыйын коротулбай жалаң инвестиция тартуу менен бүткөрүлгөндүгүн кошумчалады. Ал эми, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы М. Суранов Ак-Булак каналы боюнча эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун билдирип, далил катары тиешелүү кагаздарын көрсөттү. Айыл тургуну А. Осмонкулов жогорудагыдай сын, пикирлер аркылуу элди экиге бөлүү аракетин токтотуп, учурда район жетекчилигинде жигердүү иштеп жаткан жергиликтүү жаштарды колдоп алууга чакырды.жаныбазар сходIMG_1707 Элдик жыйын жүрүшүндө район акими К. Эшалиев быйыл кен ишканаларынан түшкөн 2 пайыздык кирешенин эсебинен Чаткал айыл аймагына бир даана трактор жана чөп таңгактоочу алуу,  Курулуш жана Жаңы-Базар айылдарына бир чакырымдан жалпы эки чакырым унаа жолун асфальттоо, Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын шартын оңдоо сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер  максатталып жаткандыгын маалымдады. IMG_20160126_170210 Жыйын соңунда айыл тургундары өткөн жылдын жыйынтыгы менен «Кыргыз Туусу», «Акыйкат», «Аймак», «Жаңы Ордо» сыяктуу жаныбазар сходIMG_1723республикалык абройлуу басылмалар тарабынан Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары белгиленгендигин,  аны менен бирге эле район акими Канжарбек Эшалиев аталган басылмалар тарабынан «Жылдын мыкты акими» деп табылгандыгын белгилешип, Канжарбек Эшалиевге ак калпак жана кыргыз чепкенин кийгизишип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь