Чаткал райондагы айыл аймактарында 2015-жылы курулуш иштеринде жана башка тармактарында көптөгөн иштер аткарылды. Алардын негизги делгендерине токтолсок, алар
Каныш-Кыя айыл аймагында
Башкы-Терек айылындагы 120 койкалуу типовой бала бакча союз убагында курулуп, бирок союз тарагандан бери пайдаланылбай, имарат кулап калуу акыбалда болгон. Бул бала бакчанын эки корпусу 75 койкага ырасталып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, имараттын ичи тышы заманбап материалдар менен оңдоо жүргүзүлүп, имараттын ичине суу киргизилип, жуунучу жай, даараткана имараттын ичинде болуп, ысык суу менен камсыздалды, жылытуу системасы жаңыдан коюлуп, от менен ысытууга ыңгайлаштырылды. Бала бакча толугу менен инвентарлар менен камсыздалды. Бул иштерге Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 млн 80 миң сом каржыланды. Бүгүнкү күндө бала бакча ишке берилип, толук кандуу иштеп жатат.
Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсеси толугу менен заманбап материалдар менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап мебелдер, инвентарлар менен камсыздалды. Бул иштерге жергиликтүү бюджетинен 5 млн 812 миң сом каржыланды.
Каныш-Кыя айылынын “Ордош” участкасында жайгашкан, жалпы район үчүн кызмат кылган Дачанын билъярд ойноочу имараты жана мончосу заманбап материалдар менен капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 1 млн 971 миң сом каржыланып, бул иштер толугу менен бүткөрүлдү.
Коргон-Сай айылына айыл башчынын кеңсеси салынып, айылдык китепкана менен кошо жергиликтүү бюджеттен 1 млн 990 миң сом каржыланды.
Айгыр-Жал айылынын “Кормовойцех” участкасына жергиликтүү бюджеттен 1млн 250 миң сом каржыланып, трансформатор сатылып келинип, коюлду.
Коргон-Сай айылына 50 орундуу жаңы бала бакча “Кай-Интер-Прайз” компаниясынан 5000,0 миң сомго каржыланып, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Бул бала бакчага инветарларды сатып алуу үчүн 950 миң сом, жылытуу системасын орнотууга 450 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланды, бала бакча 2016-жылдын 1-мартына чейин ишке берилет.
Айгыр-Жал айылындагы оор жүк менен транспорт өтүүчү көпүрөнүн курулушуна “Вертекс Голд” компаниясы тарабынан 8 млн 710 миң сом каржыланып, курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, көпүрө ишке берилди.
А.Айымбетов атындагы мектептин курулушуна 9 млн 600 миң сом Түрк гранты аркылуу каржыланып, мектептин спорт залынан башка баардык куруу иштери бүткөрүлүп, мектеп ишке берилди, спорт залынын толугу менен бүткөрүлүшү 2016-жылдын июнь айына чейин күтүлүүдө.
Айгыр-Жал айылы аркылуу өтүүчү Ала-Бука-Кара-Буура автомобиль жолунун 2,5 чакырымына асфальт төшөлүп, мунун ичинен 250 метри же 1 млн 499,8 миң сому транспорт министрлиги тарабынан каржыланып, калган 2250 метри же 13 млн 497,9 миң сому айылдык аймактын чегинде кен казуу жана изилдөө иштерин жүргүзгөн компаниялар тарабынан каржыланды.
Башкы-Терек айылына таза суу чыгарууга Кичи-Чаарат компаниясы тарабынан 8 млн сом каржыланып, иш жарым жартылай бүткөрүлдү, калган иштери 2016-жылы толугу менен бүткөрүлүшү күтүлүүдө.
Коргон-Сай айылына таза суу чыгарууга Чанач компаниясы тарабынан 4 млн 500 миң сом каржыланып, иштин көпчүлүк бөлүгу бүткөрүлдү, калган иштерди буткөрүү 2016-жылга күтүлүүдө.
Айгыр-Жал айылынын “Ногой” участкасына коомчулуктун демилгеси менен 345 миң сомго таза суу чыгарылып бүткөрүлуп, 30 уй-бүлө таза суу менен камсыз болду. Мындан 177 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды, калган 168 миң сомду коомчулук өз каражаттары менен бүткөрүштү.
Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчасына 378 миң сомго таза суу тартылып келинип, имараттын ичине киргизилип, бала бакча ысык, муздак суу менен камсыздалынды. Бул иштерге жергиликтүү бюджетен 230 миң сом, Мерсико тарабынан 148 миң сом каржыланган.
Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” балдар бакчасынын бир корпусунун чатырчасы 267 миң сомго алмаштырылып жаныланган, мындан 160 миң сом жергиликтүү бюджеттен, калган 107 миң сом Мерсико тарабынан каржыланган.
Терек-Сай айыл аймагында
“Ай-Нуру” бала бакчасына тайпаларга эмерек сатып алууга Мерсико кайрымдуулук фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде, өздүк салым үчүн 56 330 сом которулуп , долбоордун негизинде жалпы суммасы 112660 сомдук жаңы эмеректер келип пайдаланууга берилди. Ошондой эле “”Ай-Нуру” балдар бакчасына 4 тайпага 172,8 мин сомго эки кабаттуу кроваттар сатып берилген. “Ай-Нуру” бала бакчасына өнүктурүү саясат институту тарабынан Германия кызматташтыгынын каржылоосунун негизинде 1 млн сомдук долбоор тартылып бир кошумча тайпа ачылды.
А. Чымканаев атындагы орто мектеби Мерсико фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде, мектеп эмеректерин алууга 30 миң 100 сом которулуп, проектин негизинде жалпы суммасы 80300 сомдук эмеректер сатылып келип пайдаланууга берилди. Ошондой эле А.Чымканаев орто мектебине компьютерик класс үчүн 249,0 мин сомдук компьютерлер сатылып алынды Аталган орто мектебинин жылытуу системасына Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 300 миң сом бөлүнүп берилди. Мындан тышкары А.Чымканаев атындагы орто мектебине жергиликтуу бюджеттен 247,5 00 сом акча каражаты бөлүнүп, стол. стулдар сатылып алынды.
Терек-Сай орто мектебине Мерсико фондуна өткөрүлгөн долбоордун негизинде мектеп ашканасына эмеректерди алуу үчүн 21 800 сом которулуп берилип, проектин негизинде жалпы суммасы 107600 сомдук жаңы эмеректер сатылып келип, пайдаланууга берилди.
Терек-Сай орто мектебинде балдарга ысык тамак берүү долбоору ишке ашып, мектептин ашканасын толук ремонттон өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 140,0 миң сом бөлүнүп берилди.Терек-Сай орто мектебине компьютерик класс үчун айыл аймагы тарабынан 249 миң сомдук жаңы компьютерлер сатылып алынды. Ошондой эле Терек-Сай орто мектебине жергиликтүү бюджеттен 247миң 500 сомдук жаңы стол, стулдар сатылып берилди.
Терек-Сай айылдык аймагынын аппарат кызматкерлери колдонуп жаткан эмерек жабдуулардын эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен 280000 сом акча каражаты бөлүнүп, баардык эмеректер жаңыланды.
“Келечек” балдар бакчасынын айнек, эшиктери 476 миң сомдук жаңы пластикке алмаштырылды.
№4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасын ремонтоо үчүн Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүндү.
Булутбек Камчыбеков атындагы орто мектеби Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 260 миң сомдук заманбап жаңы доска менен камсыздалды.
“Бүчүр” балдар бакчасына жабдууларды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 180 миң сом акча каражаты бөлундү.
Терек-Сай айылындагы Терек-Сай жана Эшалы болуш көчөлөрүндөгү телестанцияларынын имараттары жаңыдан курулуп, аталган жумушка 32 миң сом акча каражаты жумшалды
Терек-Сай маданият уйүнүн ремонтуна 360 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, клубдун сырты ремонтон өткөрүлдү.
“Евентус” фирмасы тарабынан 5 млн сомго Ак-Терек айылына спорт комплексинин курулушу башталды.
“Евентус” Жоопкерчилиги Чектелген Коому тарабынан Кызыл-Токой айылынын окуучуларын алыскы участкалардан мектепке ташып туруу үчүн 1 млн сомго СПРИНТЕР автоунаасы сатып берилди.
“Евентус” фирмасы тарабынан элдин үлүш аянттарына баруучу суу каналдарын жылда сел бузуп кеткендиктен, жаңыдан канал куруу үчүн 1 млн сом бөлүп берилди.
Чаткал айыл аймагында
Ак-Таш автожолундагы, Чаткал дарыясындагы көпүрө капиталдык ремонттон өткөрүлүп,транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан 1 600 000 сом каржыланып, элдин пайдалануусуна берилди.
Жаңы-Базар айылындагы мечиттин ички жана тышкы жасалгаларынын толук бүткөрүлүшү үчүн Чаткал айыл аймагынын бюджетинен 415 000 сом акча каражаты жумшалып, 17-июль айт майрамы күнү ишке берилди.
Ак-Таш айылынадыгы көптөн бери кароосуз турган «Керемет-Көч» бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 1 599 000 сомдук тендер жарыяланып ОсОО «Айти-Булак» компаниясы утуп алып, кыш мезгили келип курулуш иштерин жүргүзүү мүнкүн болбой калгандыгына байланыштуу убактылуу курулуш иштери токтоп, жаз айларынын келиши менен курулуш иштери башталуу алдында турат.
өнүктүрүү саясат институту тарабынан Курулуш, жана Жаңы-Базар айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча 1 000 000 сом каражат каралып, ал боюнча тендер өткөрүлүп, “Бишкек Электро” компаниясы утуп алып, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери толугу менен бүткөрүлдү.
Кыргызстан айылдык ден-соолук комитети тарабынан Жаңы-Базар айылындагы №2 ГСВнын чатырын оңдоого 482 000 сомдук акча каражаты каралып, оңдоо иштери бүткөрүлдү.
өнүктүрүү саясат институнан 1 000 000 сом акча каражаты каржыланып, «Бала — Нур» долбоорунун эсебинен 2-6 жашка чейинки балдарды кыска мөөнөттөгү окуу менен камсыз кылуу максатында «Байчечекей» жана «С.Чондоева» атындагы бала бакчалары инвентарлар, оюнчуктар менен камсыздалды.
Сумсар айыл аймагында
Сумсар айылында Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата Гизатулин Рашид тарабынан 142 миң сом, элдик салымдан 98 миң сом, жалпысы 240 миң сомго ардагерлерге тургузулган эстелик короолонуп, ташка ардагерлердин ысымдары түшүрүлдү.
Ленин атындагы жатак мектебине 20-30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр тарабынан 107 миң сомго мектептин босогосунан чырткы чоң жолго чейин брусчатка басылды.
Жеке ишкер Чолпонкулова Жумакан тарабынан 350 миң сомго нан жана ар түрдүү кандидердик азыктарды бышыруучу цех ачылды.
Гагарин орто мектебине Мерсико уюму тарабынан 96500 сомго, ал эми элдик салымдан 96500 сомго жалпысы 192 миң 100 сомго стол, стул эмеректер алынып берилип, мектептин короосуна 20-30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр тарабынан 60 миң сомго үч канаттуу темир дарбаза орнотулду.
Шекафтар айылындагы ички жолдорго ООНдун азык-түлүк программасы аркылуу 520 мин сомго 5 чакырым ички жолдорго шагал төшөлүп, тегизделип, ички көпүрөлөр оңдолду.
Шекафтардагы төрөт үйү саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1 миллион 494 миң сомго эвро ремонт жасалып, ысык суу чыгарылып, канализация орнотулду жана ошол эле министрлик тарабынан төрөт үйүнө 882 миң сомго медициналык эмеректер алынды.
Сумсар айылындагы стомотологияга С. Нурдин уулу тарабынан 750 миң сомго медициналык жабдыктар, инструменттер, эмеректер алынды.
Сумсар маданият үйүнө саясат институту тарабынан 380 миң 400 сомго көрүүчүлөр залына отургучтар орнотулду.
Сумсар орто мектебине Мерсико уюму тарабынан 91 миң 300 сомго, элдик салымдан 91 миң 700 сомго жалпысы 183 миң сомго стол, стул, катуу эмеректер алынып, 30 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 73 миң сомго 3 канаттуу пластик эшиктер орнотулду.
Сумсар айылындагы ички жолдорго ООНдун азык-түлүк программасы аркылуу 600 мин сомго ички жолдорго шагал төшөлүп, тегизделип, ички көпүрөлөр оңдолду.
Б. Дилдебаев]]>
Жергиликтүү кабарлар