Маданият

Улут маданиятты эмес, маданият улутту сактайт

112

    Нурбаев Жуманазар (2)  Нурбаев Жуманазар Ниязбекович, Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, « Маданияттын мыкты кызматкери » төш белгисинин  жана «Р.Абдыкадыров атындагы клубдун ардактуу мүчөсү » медалынын ээси, райондун ардактуу атуулу,   — Жуманазар Ниязбекович, 2016-жыл  Президент тарабынан тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. Ошол жарлыкка байланыштуу сиз жетектеген райондук маданият бөлүмү тарабынан кандай иш чаралар кабыл алынды ? Рахмат, биринчиден мен бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы элимди жана райондогу маданият кызматкерлерин жаңы жылы менен куттуктап кетейин, себеби жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө силердин газетаңар менен баарлашып олтурам. Жаңы жыл бизге ооматтуу, ак жолтой, жемиштүү жана жеңиштүү жылдардан болсун. КРнын Президенти тарабынан быйылкы жылды « Тарых жана маданият » жылы деп жарыяланышы  жалпы  эле кыргыз элине жана бизге окшогон алыскы, оор шартта жашап жана иштеп жатышкан маданият кызматкерлери үчүн күтүүсүз чоң жакшы жаңылык болду, ошондой эле чоң жоопкечиликти жана көптөгөн милдеттерди алдыга койду. Элибизде  « Тарыхы болбой эл болбойт»,  « Улут маданиятты эмес, маданият улутту сактайт» деген жакшы кеп бар . Быйылкы жылы ошол жарлыкка ылайык тарых жана маданиятка байланышкан бир топ иш чаралар кабыл алынды.  Атап айтканда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы,  КРнын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы , 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын ( Үркүндүн ) 100 жылдыгы  жана « Тарых жана маданият» жылына карата кыргыздын улуттук каада – салтын чагылдырган инценировка-спектаклин жана улуттук буюмдардын чоң көргөзмө  кароо-сынагын райондук деңгээлде өткөрүү милдети турат. Районубузда буга чейин Каныш-Кыя айылында бир музыкалык мектеп эки филиалы менен, Сумсар көркөм өнөр мектеби инвентарь жана музыкалык аспаптар менен толук камсыздалган.  Биз булар менен биргеликте быйылкы жылды татыктуу өткөрөбүз деп ишенем. Чаткал районунда тарыхый маданий мурастар да жок эмес, аларды тактоого сиздердин салымыңыздар болобу? Биздин кылым карыткан Чаткал жергеси дагы тарыхый маданий мурастарга бай келет. 2015 – жылы КРнын маданият,маалымат жана туризм министрлиги тарабынан үч айлык мөөнөт менен Чаткал жергесиндеги тарыхый жана маданий эстеликтер кайсыл жылдары пайда болгон жана кайсыл жерлерде жайгашкандыгы тууралуу изилдеп келүү үчүн эки археологду жөнөткөн, ошол  келген археологдор изилдеген тарыхый эстеликтердин маалыматын быйыл  толугу менен бизге билдиришет. Мындан сырткары азыркы алтын кенде иштеп жаткан фирмалар изилдөө учурунда ошол жерде тарыхый эстеликтер болсо эч жерине тийгизбөө  жөнүндө айыл өкмөттөрү  жана мамлекеттик каттоо кызматтары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2015-жылы Чакмак-Суу айылында иштеп жаткан фирмалардын жанынан табылган сүрөт чегерилген тарыхый таштарды эч кимге тийдирбей ошол бойдон сактап турабыз, качан гана кайсыл жылдары пайда болгонун археологиялык изилдөөлөр аныктагандан кийин келечекте ошол жерге чоң мектеп курулса, музей катары ошол жерге койдуруп пайдалансак деген ой бар. Элде жат болуп калгандай маданият десе эле артисттерди элестетебиз.Бирок, ошол артисттер тарабынан сахналаштырылган тарыхый драмалар элге тартууланып келет.Сиздер да драманын үстүндө иштөөнү пландайсыздарбы ? Тарыхый чыгармалар боюнча иштөө чындыгында кыйыныраак иш, драманы алып чыгыш үчүн атайын дасыккан актерлор керек жана ошол нерселерге ылайык атайын кийим-кечектер, буюмдар керек, мунун баары бир топ акча каражатын талап кылат. Бирок, биз ага карабастан тарыхый өткөн мезгилдерди чагылдырган спектакл-инценировкаларды чагылдырып келүүдөбүз. Өзүңүздөр көргөндөй  районубуздун 80 жылдыгына карата Чаткал тарыхын чагылдырган театралдык көрүнүштү алып чыктык.  Быйыл дагы тарых жана маданий жылына байланышкан чоң театрлаштырылган программадагы көрүнүш жана концерт берсек деген ниетте турабыз. Улутту башка калкттан айырмалап турган анын маданияты эмеспи. Ошондуктан ата – бабалардан мурас болуп келген маданияттын эскиси менен жанысын айкалыштырып, улуттук өзгөчөлүккө  ылайыкташтырып сахналаштырылган чыгармаларды жаратууга болобу? Чындыгында башка улуттардан айырмалап турган кыргыздын каада салты, үрп – адаты жана маданияттуулугу , ошондуктан ата-бабаларыбыздан мурас болуп келген маданияттын эскиси менен жаңысын айкалыштырып, сахналаштырылган чыгармаларды жаратууга болот, кыргыздын салты болуп илгертен келе жаткан кыз узатуу, бешик той, тушоо кесуу тойлорун жана башка каада салттарын биз сахналаштырып көрсөтүп келе жатабыз. Быйыл дагы кыргыздын үрп адат, маданиятын кеңири программада даярдап, айрыкча азыркы жаштар арасында кеңири тартууласак деген аракетти жасап жатабыз. -Райондо эл арасында көмүскөдө  жүргөн таланттар жок эмес, Алардын башын бириктирип, эл алдына алып чыгуу максатыныздар барбы? Эл арасында көмүскөдө  жүргөн таланттуулар көп, биз булардын башын бириктирип, эл алдына алып чыгуу боюнча акыркы үч, төрт жылдан бери катуу аракеттерди көрүп, ар кандай кароо-сынактарды өткөрүп келе жатабыз.Атап айтсак: «Алтын өрөөн», « Биз таланттарды издейбиз», « Эл ичи – өнөр кенчи», « Кош жылдыз», « Сармерден» кароо-сынактарындагы жеңүүчүлөрдөн айыл жеринен баштап райондук, областтык деңгээлге чейин алып бардык. чаткал 80_DSC0024чаткал 80_DSC0029чаткал 80_DSC0106 2015-жылдын аягында жер-жерлерден тандалып алынган  « Сармерден» сынагынын жеңүүчүлөрү кеңири программада өз өнөрлөрүн тартуулап беришти. Биз муну менен эле чектелип калбастан Р.Абдыкадыровдун 75 жылдыгына жана Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына  карата Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорунун ортосунда Ала-Бука районунда өткөрүлгөн кароо-сынакта 1- орунду ээлеп келдик. Бул дагы болсо биздин таланттуу эл ичиндеги өнөрпоз адамдардын жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчилиги деп ойлойм. Биздин райондук маданият бөлүмүндө эл ичиндеги таланттуулардын бардыгынын тизмеси жашына чейин такталган, андан сырткары уз,чебер, кол өнөрчүлөрдүн, зергер усталардын, мүнүшкөрлөрдүн да фамилиялары такталган. —Маданият тармагы кең, анын ичинде китепканалар да бар эмеспи.Учурда райондо канча китепкана бар жана алардын китеп фондусун кандай китептер толуктап турат? -Учурда районубузда 1 райондук, 1 балдар китепканасы, 11 айылдык китепканалар элди тейлөөдө. Китепканаларда 97881 китеп фондусу бар. 2015-жылы райондук жана айылдык китепканаларда 1128 иш чаралар өткөрүлүп, ага  45566 окурмандар, көрөрмандар жана башкалар  катышышты. Китепкана тармагына жылына 32 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатына ар кандай китептер сатылып алынып, китеп фондулары толукталып турат. Быйылкы « Тарых жана маданият » жылына карата китепкана тармагында  дагы бир топ маданий  иш чараларды өткөрүү  пландаштырылууда. Мисалы :  1916-жылкы Үркүндүн 100  жылдыгына карата « Өсөр эл өткөнүн унутпайт», « Кыргыз көтөрүлүшүнүн тарыхы»,  «Кайран эл» сыяктуу иш чараларды, « Биз эгемен алган  эркин элбиз» аттуу тегерек стол, « Эске тутуп билип ал», « Тарыхта калган ысымдар» ( Күлбөс хан, Жанчар хан) аттуу чоң программадагы маданий иш чаралар. Мындан сырткары жыл ичинде  ар кандай  тематикалык кечелерди жана ангемелешүүлөрдү өткөрөбүз. -Райондогу маданият тармагынын келечеги үчүн жаңы  кадрларды  даярдоо кандай болууда? Жаңы кадрларды даярдоо боюнча акыркы төрт жылдан бери Жалал-Абад маданият техникуму менен сүйлөшүп, таланттуу балдар, кыздарды окутуп берүү жөнүндө иштерди колго алуудабыз. Азыркы мезгилде  6 адам бүтүп келип кызмат кылууда, 5 адам ар кандай кесиптер боюнча окуп жатышат. Мындан тышкары жогорку окуу жайларында дагы окуп билип алып жатышкан таланттуу жаштарыбыз бар. Ошол окуп жаткан жаштарыбыз окуу жайды бүтүп келишсе, Чаткал жерине кызмат кылышып, элдин маданиятын жогрулатууга өз салымдарын кошушат деп ойлойм. Быйылкы жылга сиздердин тармактагы имараттардын ремонт иштери кандай болот ? Ремонт иштери боюнча быйылкы жылы көп иш аракеттерди жасайбыз деген ниетте турабыз. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашып, айыл жериндеги маданият үйлөрүнө жардам берүү жөнүндөгү программасынын негизинде 2009-2010-жылдардагы өткөрүлгөн проектинин негизинде биздин Ч.Айтматов атындагы маданият үйү министрликтин титулдук баракчасында алдыңкы катарда кезекте турабыз, министрлик ошол проекти боюнча ремонт кылып берүү тууралуу убадаларын берип жатышат. Андан сырткары дем берүү грантына дагы проект даярдап жатабыз. Бул иштер боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын иш планына да киргизилген. Биздин райондук маданият үйү Каныш-Кыя айыл аймагынын муниципалдык  балансында тургандыктан жергилитктүү  айылдык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, театралдык отургучтарды дагы жаңылап сатып алсак деген иштерди пландаштыруудабыз. Маегиңизге  чоң  рахмат. Маектешкен: Б. Дилдебаев]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь