Жалпы

Сумсар айыл аймагы: Ийгилик жана көйгөй

177

IMG_0041 Өткөн  2015-жылы  Сумсар маданият  үйүнүн  жамааты  гранттан  400000 сом  утуп алышып, заманбап  201 даана орундук  жана 21 жумшак  орундук, 4 стол  сатылып алынган. Учурда  Сумсар  маданият үйү жаңы  эмеректер менен  жабдылып, залдардын, бөлмөлөрдүн жана  китепкананын көркү чыгып,  көргөндөрдүн көнүлүн  бурат. Бул көрүнүш  маданият  үйүнүн жамааты үчүн  бир жагынан ийгилик жана  чоң кубаныч болду. Бирок  2016-жыл башында Сумсар маданият үйүнүн көйгөйү – анын Совет доорунан бери эскилиги жеткен  чатырын  жабуу. Буга 1 миллиондун айлана тегерегинде  акча каражаты керек.  КР Президенти өзүнүн  Указы  менен  2016-жылды тарых  жана  маданият  жылы деп жарыялады. Буга байланыштуу  Сумсар айыл  өкмөтү, райадмнистрация тийиштүү инстанциялар менен байланышып,  биргеликте  Сумсар  маданият үйүнүн бул көйгөйүн чечүүгө жардам берет деген  ойдобуз. Б.Исаков]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь