Жергиликтүү кабарлар

Мүлктөрдү камсыздандыруу башталат

33

_MG_0158 IMG_0121 Кыргыз Республикасынын өкмөтү  февраль айынан баштап Кыргызстандагы бардык турак жайларды жана унааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууга өткөрүүнү максат кылууда. Муну  жаңыдан түзүлгөн Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасы аткарат. Ал эми унаа ээлери камсыздандыруу полисин милдеттүү түрдө менчик камсыздандыруу ишканаларынан алышат. Учурда Кыргызстанда жыйырмага жакын камсыздандыруу ишканалары бар. Мындан ары жарандар өзүн-өзү камсыздашат. Талапка ылайык турак үйлөрдү камсыздандыруу эки багытта, тактап айтканда айылдагы жана шаардагы үйлөргө өзүнчө мерчемдеги бааларда ай сайын камсыздандырышат. Айыл жериндеги үйлөргө айына 50 сомдон, бир жылга 600 сом төлөшөт. Ал эми шаарлардагы үйлөргө айына 100 сомдон, бир жылга 1200 сом төлөшөт. Мурдагыдай болуп, жер титирөө, өрт кырсыгы, сел жүрүү өңдөнгөн табигый кырсыктар болгон учурда мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Анын ордуна табигый кырсыктар болгон учурда үй ээси зыяндын өлчөмүнө жана үйдүн баасына карап камсыздандыруу ишканасынан орточо сумма айыл жериндеги үйгө 500 миң сом, шаар жериндеги турак үйгө 1 миллион 200 миң сом ала алат. Ал эми буга чейин мамлекеттен жаратылыш кырсыктарынан жабырлануучуларга 200 миң сомдон ссуда берилип, жарандар берилген ссуданы мамлекетке белгилүү бир убакытта кайра кайтарып беришип келген. Унаа ээлери март айына чейин милдеттүү камсыздандыруу полисин алууга тийиш.  Камсыздандыруу полиси бир жылга берилет. Убактысы бүткөндөн кийин кайрадан сатып алууга туура келет.  Унаа ээси камсыздандыруу ишканасы менен келишимди каалаган мөөнөткө (5 күн, 3 ай, жарым жыл, 1 жылга чейин) түзө алат. Бир үй-бүлөдө бир эле унаа бар болсо ага бир нече адамды каттоого болот. Эгерде ошол эле унаадан башка адам кырсыкка кабылса, анда камсыздандыруу компаниясы тарабынан эч кандай каражат төлөнүп берилбейт. Камсыздандыруу 2,5 айдын ичинде  апрелдин орто ченине чейин жүргүзүлөт. Бул жарандарды милдеттендирилген мыйзам болгондуктан  ал аткарылууга тийиш. Камсыздандырууга пасторт, айдоочунун күбөлүгү жана унаанын техпаспорту керектелет. Бир унаа ээсин камсыздандыруу акысы болжол менен 2200 сомдон 4000 сомго чейин төлөнөт. Камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы айдоочунун жашына, тажрыйбасына, унаанын жылына жана кыймылдаткыч көлөмүнө жараша  чыгарылат. Ал эми камсыздаган ишкана тарабынан бир катталган жол кырсыгына максималдуу 550 миң сом бөлүнөт. Адам өмүрү кыйылганда 200 миң сом, ден соолукка залал келгенде 200 миң сом, материалдык чыгымга 150 миң сом чегерилген. Б. Дилдебаев,  «Чаткал оттору»]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь