Кабар

Келечек кадрларына камкордук

27

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2)  Кылым  артынан  кылым  өтүп, суудай аккан  убакыт эч нерсени өз ордунда калтырбай  келет.  Бир  гана эл үчүн кызмат  кылган  адамдын артында изи  каларын  тарых  барактары  айтып берет.Улуу  коомдук ишмер  Исхак  Раззаков кезегинде мындай  деген “Өзүм  үчүн жашоо — көр оокат үчүн жашоо,үй-бүлөң үчүн жашоо — жан  талашып жашоо, эл үчүн  жашоо – күйүп жанып  жашоо” Андыктан жакшы  жетекчи  күйүп жанып иштөө менен бирге  элине кут, ырыскы  алып келет.  Билимдүү  жетекчи  нравалык  сапаттарга  кандыра сугарылган  жогорку  деңгээлде дасыккан инсан,  кыраакы насаатчы, иш билги  келишет. Айтайын  дегеним, районубуздун  жетекчиси – акимибиз Эшалиев Канжарбек  Жаныбековичтин  элдин  эртеңин ойлоп, келечекке кең көз карашы менен учурдагы жаштардын билим  алуусуна  көңүл буруп, жакындан жардам  берүүсү көпчүлүккө  белгилүү. Тактап айтканда кадр маселесин  биринчи орунга  коюп,  Бишкектеги Медициналык  Академиянын студенттерине, Ош Мамлекеттик Универиситетинин медициналык  факультетинин студенттерине  контрактык акчаларын төлөөдө, райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  жетекчиси  Т.Тынышов  менен биргеликте чоң   колдоо көрсөтүп  жаткандыктары анык. Мындан  тышкары  өткөн  2015-жылдын  бүтүрүүчүлөрүнө  Россиядан билим алуу үчүн  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  натыйжада  биздин В.И.Ленин атындагы  мектеп-интернатынан  беш бүтүрүүчү: Тыналиев  Төрөбек, Сатар уулу Санжар,  Абдужалиб уулу  Абдимаксат, Мазакбаева Нуркыз, Кожомкул кызы  Бегимай учурда Россиянын  Хабаровск шаарында  ЖОЖ бюджеттик бөлүмүндө окуп жатышат. Ал жерде  дагы Кыргызстандын  консулу  К,Мырзабаев  тарабынан студенттерге  5000 рубль материалдык  жана  моралдык жардамдарды бергендигин  угуп биз, ата-энелер аябай кубандык. Чыныгы  жетекчи – бул элдин  атасы.  Андыктан  арканды  алыс таштаган жумурай  журттун көйгөйүн   айттырбай сезген акимибиз Канжарбек  Жаныбековичке аталык камкордугуна  чоң  рахмат айтып, ата-энелердин атынан  газета аркылуу ыраазычылык билдиребиз.   Изображение 105 (2) Курманбек Тагаев, В.И. Ленин  атындагы мектеп-интернатынын  мугалими, окуу бөлүмүнүн  башчысы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь