Коллегияга райондогу мекеме, ишканалардын кызматкерлери, район тургундары жана КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Анаркулов, облустук ПЛУАД-6 ишканасынын башчысы Камилжан Абдыкалыков, “Жалал-Абадэлектр” ишканасынын башчысы Азамат Паязовдор катышты.
Коллегия КР. Мамлекеттик Гимни менен ачылып андан соң, өткөн жыл ичинде ак эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо салтанаты болуп, мында КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Анаркулов Башкы-Терек айылынын тургуну Шайдылда Качикеевге облустук “Аймак” гезитинин Ардак Грамотасын тапшырып, башына ак калпак кийгизди.
Ал эми, Бактыбек Анаркулов район акими Канжарбек Эшалиевге республикалык “Кыргыз Туусу” жана “Ордо” гезиттеринин “Жылдын мыкты акими” номинацияларын тапшырды.
Өткөн жылдагы биометрикалык каттоо иш чарасына активдүү катышкандыгы үчүн Терек-Сай айыл аймагынын экономист- статисти Айгүл Жантаевага район акими Канжарбек Эшалиев бир даана ноутбукту тапшырды. Мындан сырткары, Б. Субанов, А. Нарбекова, З. Барпиев, Г. Акылбекова, Б. Нарынбетовалар облустук жана райондук Ардак Грамоталарга ээ болушту.
Сыйлык тапшыруу аземинен соң, район акимининин отчетуна кезек берилип, алгач өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иш чараларды камтыган слайд шоу көрсөтүлдү.
Андан кийин, район акими Канжарбек Эшалиев өткөн 2015-жылдагы аткарылган иш чаралар тууралуу баяндама жасады.
Баяндамада белгиленгендей, өткөн 2015-жыл ичинде райондун көп тармактарында бир топ жетишкендиктер болду. Атап айтканда, социалдык-экономикалык жана маданий тармактарда облустук жана республикалык деңгээлдеги иш чаралар жүзөгө ашырылып, Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары таанылды. Райондогу эки айыл аймагы-Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары дотациядан чыгып, өзүн өзү каржылай ала турган деңгээлге жетти. Аталган айыл аймактардагы кен байлыктарын иштеткен ишканалар райондун жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык жана маданий абалын бир топ жакшыртууга салым кошушту. Мунун аркасында районго бир нече социалдык объекттер жана көпүрөлөр курулуп, жолдор асфальтталып, айылдарга ичүүчү таза суу жеткирилүүдө. Өткөн жылдагы негизги иш чаралардын бири-Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси облустук деңгээлде өткөрүлдү.
Район акиминин баяндамасынан соң, райондогу төрт айыл аймактарынын башчыларына коллегия мүчөлөрү тарабынан суроолор берилип, өткөн жыл ичинде аткарылбай калган айрым план, милдеттенмелердин аткарылбай калуу себептери суралды. Мында, коллегия мүчөлөрү тарабынан Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймак башчыларына азык-түлүк коопсуздугу боюнча алынып барылып жаткан иштер жетишсиз экендигин белгилешип, дан эгиндеринин аянттарын көбөйтүү талабы коюлду.
Андан соң, жарыш сөзгө орун берилип, А. Жантаева, Н. Мамбетова, У. Абдыкеримова, К. Исмаиловдор жарыш сөзгө чыгышып, район акиминин маалыматы тууралуу оң пикирлерин билдиришип, район акими К. Эшалиевдин ишине ийгиликтерди каалашты.
Коллегия соңунда, район акими К. Эшалиев февраль айында айылдык кеңештердин кошмо жыйынында депутаттарга дагы маалымат берилээрин, район акиминин өткөн жыл ичиндеги аткарган иштерине ошондо баа берилээрин кошумчалады.
М. Эшназаров ]]>