Ал эми, айыл аймактын жооптуу катчысы Гүнөтай Ибраева облустук “Акыйкат” гезитинин тандоосу менен “Жылдын мыкты инсаны” абройлуу наамына ээ болду.
Терек-Сай айыл аймагында да өткөн жыл ичинде бир топ социалдык-экономикалык алга жылуулар болуп, натыйжада, айыл аймагы дотациядан чыга алды. Ушундай жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Бактыбек Турдалиевге республикалык “Жаңы Ордо” гезити тарабынан “Жылдын мыкты айыл аймак башчысы” жогорку наамы берилди.
Жыйынтыктап айтканда, акыркы эки, үч жыл аралыгында районубуздагы төрт айыл аймактын экөөсү дотациядан чыгуу менен, районубуз өз алдынча социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн райондордун сабынан өз ордун тапты.
Мындан сырткары, өткөн 2015-жылдын жыйынтыгы менен райондогу ар тармакта иштеген он беш алдыңкы кызматкер райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук “Чаткал оттору” гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын мыкты инсаны” наамдарына ээ болушту.
Жогорудагы жетишкендиктерди эске алуу менен, республикадагы абройлуу гезиттерден болгон республикалык “Кыргыз Туусу”, облустук “Аймак” жана “Акыйкат” гезиттеринин тандоосуна ылайык, 2015-жыл ичинде районубузду республикалык деңгээлде алдыңкы сапка алып чыккандыгы үчүн районубуздун акими Канжарбек Эшалиев “Жылдын мыкты акими” наамына арзыды. Белгилей кетсек, аталган гезиттин тандоосу боюнча район акими Канжарбек Эшалиев өткөн 2014-жылы да ушундай эле жогорку наамга арзыган.
Албетте, районубуз мындай жетишкендиктерге акыркы жылдары көп жетишип келаткандыгын эске алсак, районду жетектеген азыркы жергиликтүү уул-кыздарыбыздын республикалык деңгээлде бышып, жетилип калгандыгын билүүгө болот. Анда эмесе, районубузду республикалык деңгээлде алдыңкы сапка алып чыккан жетишкендиктер көп боло берсин демекчибиз.
М. Эшназаров “chatkal.kg”]]>