4-январь күнү КР. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Чаткал районуна иш сапары менен келип, район калкы менен жолугушту.
Жолугушуу райондук мамлекеттик администрацияда болуп, анда министр К. Базарбаев республикадагы калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы иштер тууралуу айтты. Анын билдиришинче бүгүнкү күндө, республикада 49 миң жаран жөлөкпул алып, бул жалпы калктын 2,9 %ын түзөт. Ал эми, 180 соцкызматкер 10 миңге жакын майып, кароосуз жарандардын үйлөрүнө барып, социалдык жактан тейлеп келүүдө.
Бүгүнкү күндө, майып жарандарды баккан жарандарга жөлөкпул берүү маселеси каралууда. Андай болгон күндө, майып жарандарды багуучулар да акчалай колдоо алуу менен, алган каражатынын белгилүү бөлүгү соцфондго чегерилип, натыйжада, келечекте пенсия алууга шарт тузүлмөкчү.
Министр жолугушуу учурунда республикадагы бала асыроодогу түйүндүү маселелерге да кайрылып, аталган маселедеги бир топ жагдайларга токтоло кетти.
Учурда өлкөдө карыган, майып жарандар жана кароосуз балдар үчүн он беш интернат кызмат кылат. Өткөн жылы аталган мекемелердеги жарандарга берилчү тамак-аш үчүн бөлүнчү каражат эки эсеге көбөйтүлгөн.
Өткөн жылы БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында социалдык жактан муктаж бир топ жарандар аткарган жумуштары үчүн ун жана май алышты.
Министр К. Базарбаев МСЕК тууралуу айтып, майыптыгы бар жарандарды МСЕКтен өткөрүү тартиби өткөн кылымдын отузунчу жылдары түзүлүп, өтө эскиргендиктен, өткөн жылдары бир топ өзгөртүү киргизилгендигин билдирди.
Жолугушуунун соңунда министр катышуучулардын бир топ суроолоруна жооп берди. Мында катышуучулар К. Исмаилов, К. Оролбаев, Ө. Токтогуловдор мамлекет тарабынан тъжарандарга берилип жаткан жөлөкпул, социалдык жардамдар ж.б. тууралуу суроолорду беришти. Катышуучу Ө. Токтогуловдун бийик тоолуу аймактарда жашаган калкка каралган коэффициенттин деңгээли дагы көтөрүлүп жаткандыгы жана бул нерсе аталган аймактарда жашаган калкка залакасын тийгизээри тууралуу суроосуна жооп берген министр К. Базарбаев бул жогорку тийиштүү органдар тарабынан каралаарын билдирди.
Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев Чаткалда өкүм сүрүп жаткан оор кышка карабай, район тургундарынын жашоо-турмушунан кабар алганы келген министр Кудайберген Базарбаевге район калкынын атынан ыраазылык билдирди.
М. Эшназаров ]]>