1-январь күнү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы Садырбек Смаилов жана айылдык кеңештин депутаты Калысбек Алчынбековдор айыл аймакта жашаган аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана 1-2-топтогу майып тургундарга, жалпысы 22 жаранга айыл аймагынын эсебинен жана айылдык кеңештин депутаттарынын жеке эсептеринен жалпы 27 миң сомдук акчалай жана материалдык колдоо көрсөтүшүп, аталган жардамдарды жарандардын өз колдоруна тапшырышты. Айыл аймактын башчысы Сатаркул Мусабаевдин билдиришинче, жогорудагыдай социалдык жактан муктаж жарандарга айыл аймагы тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлүп турмакчы.]]>