2016-Жаңы Жыл Чаткал районунда майрамдык чоң шаан-шөкөт менен тосуп алынды. Алгач, райондо жашаган элдик өнөрпоздордун катышуусунда үч айлампада «Сармерден» маданий иш чарасы өткөрүлүп, жыйынтыгында Каныш-Кыя айылынын өнөрпоздору жеңүүчү деп табылды.
Буга кошо эле, Жаңы Жылга утурлай райондук мамлекеттик администрацияда, мектептерде жана бала бакчаларда наристелерге арналып «Балаты» майрамдары тартууланды. 28-декабрь күнү Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө район аймагында жашаган жарым, тоголок жетим балдарга райондук мамлекеттик администрация тарабынан «Балаты» оюн зоок иш чарасы өткөрүлдү. Салт болуп калган бул майрамдык иш чарага 78 жарым, 12 тоголок жетим жалпысы 90 бала катышып, Аяз Ата жана Аяз кыз менен биргеликте майрамдык иш чаранын күбөлөрүнөн болушту. Майрамдык иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев катышып, балдарга Жаңы Жылга карата куттуктоосун айтып, аларга кең келечек каалады. Ал эми, катышуучуларга маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан ыр, күү тартууланды.
Иш чаранын жүрүшүндө, ар бир балага райондо кен казуу менен алектенген «ЗААВ Чаарат» жана «Кичи Чаарат» фирмалары тарабынан даярдалган ар бири 350 сомдук белектер берилди. Аталган фирмалар тарабынан район боюнча 150 балага белек тапшырылды. Айыл аймактары тарабынан да тоголок жана жарым жетим балдарга камкордуктар көрүлүп, белектер берилди.
Ал эми, 31-декабрь күнү район борбору Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөсүнө Балаты орнотулуп, район калкына майрамдык шаан шөкөт тартууланды. Майрамдык шаан-шөкөт күндузгү саат 11лерде башталып, алгач район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевдер баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айрым тургундар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Андан соң, айылдардан келген Аяз Ата жана Аяз Кыздардын сынагы болуп, анда Аяз Ата жана Аяз кыздар өздөрү менен келген өнөрпоздордун коштоосунда өз өнөрлөрүн элге тартуулашып, ыр, бийлерди аткарышып, өз даярдыктарын калыстардын сынына коюшту. Мында, айрым Аяз Аталар чыгармачылык деңгээлин көргөзүшүп, майрамга ат чегилген чана менен келишсе, айрымдары автоунаага чиркелген чаналар менен келишип, катышуучуларга өзгөчө таасир калтыруу менен, майрамдык иш чараны шаңга бөлөштү. Соңунда, калыстар тобунун баалоосу менен 1-орун Каныш-Кыя айылынын Аяз Ата жана Аяз кыз коштогон өнөрпоздоруна ыйгарылып, 10000 сом акчалай байге берилди. 2-орун №46-кесиптик лицейдин аяз Ата коштогон өнөрпоздоруна берилип, 8000 сом акчалай байге тапшырылды. 3-орунга Айгыр-Жал айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздорго ыйгарылып, алар 6000 сом акчалай байгеге ээ болушту. Ал эми, 4-орунду Коргон-Сай айылынан келген Аяз Ата коштогон өнөрпоздор ээлеп, 4000 сом акчалай байгенин ээси болушту.
Айта кетчү нерсе, Жаңы Жылга карата өткөрүлгөн «Сармерден» жана «Балаты» майрамдык иш чаралары Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан каржыланды.
М. Эшназаров
]]>
Жергиликтүү кабарлар