Шекафтар айылында жаңыдан ачылган төрөт үйүндө алгачкы болуп төрөлгөн Сумсар айылынын тургуну Раманова Жаңылай болду. Жаңы төрөт үйүндө биринчи болуп төрөгөн Раманова Жаңылайды Сумсар айыл Кеңешинин депутаты Назаров Абдумалик анын кыздуу болушу менен куттуктап, өз жанынан Жаңылайга 5000 сом акчалай сүйүнчү сыйлык белегин тапшырды. Ошондой эле депутат Абдумалик Назаров Жаңылайдын аман –эсен көз жарышын камсыз кылышкан врач Мурзалиева Тажүгүлгө, акушеркалар Нурасатова Алтынайга жана Бекмуратова Гулбарчынга терең ыраазычылыгын билдирди.
Б. Исаков]]>