Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактык башкармалыктын максаты- аймакта маамлекеттин жана жарандардын экологиялык техникалык коопсуздугун камсыздоо, аймактагы мамлекеттик органдар , ишкерлер жана жеке тараптар тарабынан Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык мыйзамдык нормативдик актыларынын туура аткарылышын козомолдоо жана контролдоо болуп эсептелет. Аймактык башкармалык өз ишинде мыйзамдуулукту сактоого жана экотехникалык коопсуздукту камсыздоодо алдын алуу, эскертүү иш чараларга өзгөчө басым кылып келет.
Аймактык башкармалык тарабынан 2015-жылдын 11 айында жалпысынан 700 текшерүү жүргүзүлгөн, ал эми 2014-жылдын ушул эле мезгилинде 612 текшерүү жүргүзүлүп, өткөн жылга караганда 88 текшерүү көп жүргүзүлдү. Быйылкы жылы өткөн жылга салыштырганда пландуу текшерүүнүн саны 48 ге, контролдук текшерүүнүн саны 84 ге көп. Бул аралыкта 26 субъектке 1639 миң сомдук доо коюулган, анын 20сынан 830 миң сому өндүрүлгөн, салынган доолордун 50 пайызы өндүрүлдү, 2014-жылга караганда 176,3 миң сомго доо көп өндүрүлдү. Тартип бузуучуларга 147 токтом толтурулуп, 95 адам административдик жоопкерчилике тартылып, 22 айып салынып, 417 миң сомдук айып салынган. Бул өткөн жылдан 72 миң сомго көп салынган. 25 тараптан 376 миң сомдук айыптар өндүрүлдү. өткөн жылдан 2 эсеге айып көп өндүрүлгөн. Текшеруулордун багыты боюнча да откон жылга караганда коп тармактарга конул болунду.
Аймакта өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча 11 ай ичинде 104 текшерүү өткөрүлүп 1220 пункт кемчилдик табылган, анын 262 пункт аткарылган, одоно түрдө бузган пунктар боюнча 15 адамга протокол түзүлүп 30 624 сом административдик айып салынган.
Райондук администрациясынын башчылары – акимдерге жана айылдык аймагынын башчыларына ведомстваларга 19 маалымат жөнөтүлгөн.
Аймакта энергетикалык коопсуздук нормаларын сактоо боюнча 97 текшерүү жүргүзүлүп 306 пункуттан турган нормативдик талап бузулуулар аныкталып четтетилди. Натыйжасында жыл ичинде кырсык жана авария катталган жок .
Архитектуралык- курулуш көзөмөлү
2015-жылдын он бир айында 57 курулуш обьектиси болуп, анын 5701,99 кв.м. 185634600 сомго жана 7 кичи обьектилер 7 кв.м. 7261,3 сомго ишке кабыл алынды.
Жалпысынан 2015-жылдын тогуз айында 78 текшерүү жүргүзүлүп, токтом чыгарылып, эскертүү берилген.
Быйылкы жылы ирии курулуштрдан болгон “Казак мыс голд” жоопкерчилиги чектелген коомунун фабрикасы, Көк-Таш айылындагы 340 орунду орто мектептин имараты, Аксы районундагы Качыкеев атындагы орто мектептин имараты ишке берилди.
Сотко 8 обьект боюнча материалдар өткөрүп берилип, өткөрүлгөн материалдар боюнча 4 жаранга 10 000 сомдон 40 000 сом административдик айып салынып, 30 000 сом административдик айып өндүрүлдү. 2 иш кайтарылып берилип, 1 иш соттук кароодо. «Арстанбап» ЖЧКсы менен болгон соттук иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 27-майындагы чечими, Жалал-Абад областык сотунун админстративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 23-июлундагы аныктамасы толугу менен жокко чыгарылды
Архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча 40 тартип буузулар аныкталды:
Ала-Бука токой чарбасын текшерүү жыйынтыгы менен токой чарбага бузулууларды четтетүү тууралуу № 07/344-349 сандуу 15 пункуттан турган жазма буйрук берилди. Текшерүү жүрүшүндө токой чарбанын Штамберди участкасында «Фулд голд майнинг» фирмасы тарабынан 731 м2 жер аянттын курдуу катмары атайын жерге топтобогондугу айлана чөйрөгө зыян келтиргендиги аныкталып № 07-344-170 протокол түзүлүп фирмага 58048 сом доо эсептелип, 2000 сом административдик айып салынып Административдик чара колдонуу боюнча 07-344-137 сандуу токтом кабыл алынган. Келтирилген зыян жана айып толук өндүрүлүп алынды.
«Фулд толд майнинг » фирмасын текшерүүдө фирманын жооптуу адамдары тарабынан айлана чөйрөгө келтирген зыян аныкталып фирманын башкы адисти Ма Ши Жун мырзага 36,0 миң сом доо жана 2000 сом айып эсептелип, өндүрүлдү. Фирмага экологиялык коопсуздук нормаларын сактоо боюнча 12 пункуттан турган жазма буйрук берилди.
Падыша –Ата мамлекеттик коругун 18- августа оперативдик рейд жүргүзүү убагында инспекторлор Ж.Чыныев, Ж.Арстанбековтор тарабынан коруктун Ак-Коргон участкасынан бир баш кийик атып келе жаткан мыйзамсыз аң улоочулар колго түшүрүлгөн. Текшерүү убагында мыйзам бузуучу Кашка-Суу айыл амагынын Чеч Дөбө айылынын тургуну Дооранов Русландан бир баш кийктин башы 23-30 кг чамасында кийиктин эти, СКС маркасындагы корабин мылтыгы, эки огу менен алынып, тиешелүү күч органдарына өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Аксы райондук соту тарабынан Дооранов Руслан инспекция тарабынан коюулган 110 миң сом доо айыпты төлөө жагы милдеттендирилип 3 жылга шартуу эрксиздике кесилди, бүгүнкү күнгө 55 миң сом төлөтүлдү.
Ушул эле корука ноябрь айындагы пландуу текшерүү учурунда инспекторлор Ж.Арстанбеков, М.Мамырбековтор тарабынан “өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргендиги үчүн” №5 обходтун егери Ж.Султанмуратовко административдик укук бузуу боюнча № 07-700/146 протоколу түзүлүп № 07-700/131 административдик жаза колдонуу боюнча токтом кабыл алынып 2352 сом доо жана 5000 сом административдик айып салынды. Тосту участогундагы № 2 обходтун Сары-Таш жана Чункурсай коктуларында долоно жана арча дарактарынын кыйылышына жана 25,43 жыгач отунунун мыйзамсыз ташылып кетишине жол берилгендиги аныкталып обходтун егери М.Айталиевке 430 058 сомдук зыян эсептелип 12-ноябрь күнү жеринде АКТ түзүлүп чара көрүү үчүн материалдар Аксы райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. “өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн” №4 обходтун егери И.Курманбаевке административдик укук бузуу боюнча токтом кабыл алынып 1000 сом административдик айып салынды.
Аксы районуда иштеп жаткан «Юрский Парк» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаратылышка келтирилген зыян аныкталып, Бишкек райондор аралык соту тарабынан 405,7 миң сомдук доону өндүрүү боюнча чечим кабыл алынып, толук төлөп берүү жагы милдеттендирилди. Жаратылышка зыян келтиргендиги үчүн «ДТ Казанский» жоопкерчилиги чектелген коомуна 56333 сом айып салынып сотко өткөрүлүп берилди
Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагында таштандылар боюнча мыйзам талаптары аткарылбагандыктан 10 пункуттан турган эскертүү берилип 1000 сом айып салынды.
үч-Коргон айыл аймагынын админстрациясына КР суу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 7000 сом жана таштандыларды жайгаштыруу талабын аткарбагандыгы үчүн 3000 сом айып салынды.
Ала-Бука районунун өрүктү айыл аймагынын администрациясы тарабынан жаратылышка зыян келтирүүгө жол бергендиги үчүн 180 миң сом доо салынып өндүрүү боюнча соттук териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ак-Коргон айыл аймагы тарабынан жер кыртышына зыян келтирилишине жол бергендиги үчүн 27988 сом доо, 2000 сом айып салынып, 10000 сом доо өндүрүлдү .
Терек-Сай участкасында кумдан алтын элөө менен иш жүргүзүп жаткан «Эвентус» жана «Чаткал -17» фирмаларынын мыйзам нормаларын сактабагандыгы үчүн Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү материалдар өткөрүлүп берилди.
Каныш-Кыя айыл аймагы жер кыртышын булгагандыгы үчүн 6000 сом доо, 2000 сом айып салынды.Ушул эле райондун Терек-Сай айыл аймагына өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргендиги үчүн 2924 сом доо, 1000 сом айып эсептелип толук өндүрүлдү.
Чаткал районунун Чакмак-Суу участкасында жер астынан казуу менен кен өндүрүүчү «ЗАО Кичи Чаарат» фирмасы тарабынан жер кыртышына зыян келтиргендиги үчүн 370500 сом доо жана 10 000 сом административдик айып салынып толук өндүрүлдү.
Чаткал айыл аймагынын аймагындагы ЕТ GEO кен иштетүүчү ишканага 52000 сом доо айып салынды.
Аймактагы кен өндүрүү менен иш жүргүзүп жаткан «Долина Кассана», «Кичи Чаарат», «Чаарат ЗААВ», «Терексай жаштары » фирмалары тарабынан ушул күнгө чейин төлөнбөй келген айыл чарба жоготуулары аныкталып 3 млн 464 мин сом айыл чарба жоготуулары Республикалык бюджетке төлөтүлдү.
Чаткал токой чарбасынын аймагында мыйзамсыз 17 түп дарак кыйылышына жол бергендиги үчүн токой чарбасына 12469 сом доо, 3500 сом административдик айып салынды.
Чаткал райондук жалпы практикалык дарыгерлер борборун текшерүүдө өрт коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилгени үчүн 4000 сом административдик айып салынды.
Чаткал айыл аймагынын Жаны-Базар айылын тургуну Ж Эрназаровадан келип түшкөн арыз боюнча ордунда текшерилгенде мыйзамсыз күйүүчү май сатууда өрт коопсуздук эрежелерин бузгандыгына күйүүчү майды турак жайда сатууга тыюуу салынынып, 5000 сом административдик айып салынды.
Чаткал райондук электр тармагынын энергетика эрежелерин бузгандыгына, 3000 сом административдик айып салынды.
Чаткал районунда жайгашкан мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары текшерилип, өрт коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилгени үчүн 2000 сом административдик айып салынды.( Ташикеев а.м. жана Алтын-Бешик а.м.б.б.)
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылында жаңы курулуп жаткан таза суу 32 200 000 сомдук проекти, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК тарабынан каржыланып бүтүүдө. Аймактык башкармалыгы тарабынан кабыл алуу комиссия текшерип жетишпестиктер боюнча эскертме берилген. Терек-Сай айылдык аймагы өзүнүн балсына алуу керек.
Инспекция тарабынан 2015 жылдын 5-ноябрында Сумсар айыл аймагына пландан тышкары текшерүү жүргүргүзүлүп, аймакта 1950- 1978-жылдар аралыгында уран кени өндүрүшүнөн пайда болгон 8 калдык сактоочу жайдын абалын текшерип, калдыктарды сактоочу жайлардын абалы экологиялык кооптуу абалда экендиги аныкталып, өзгөчө Кырдаалдар Министирлигинин алдындаагы калдык сактоочу жайлар боюнча Агенттигине № 07-340/343 сандуу жазма буйрук жөнөтүлдү. Жазма буйрукта Сумсар суусунун оң жагындагы калдык сактоочу жайдын авариялык абалы көрсөтүлүп сактоо дамбасын калыбына келтирүү, №1 калдык сактоочу жайды башка жака көчүрүүнү, №3 калдык сактоочу жайды консервациялап, үстүлөрүн бекемдөөнү тездетүү, Шекафтар айылынын ичинде жайгашкан уран калдыктарын башка жака ташып кетүү маселесин чечүү жагы көрсөтүлдү. Сумсар айылындагы калдыктар сактоочу жайдан суу чыгып дарыяга кошулуп жаткандыктан , суудан анализ алынып Чүй областык лабораторияга жөнөтүлдү.
Ы. Ызабеков, Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча аймактык инспекциясынын башкармалыгынын башчысы]]>