Жалпы

Чаткалдын жетик уулдарына чын дилден ыраазымын

40

SAM_1447 Чаткал Чаткал болгону көп нерсени башынан өткөрдү. Тээ согуш жылдарынан бери эле Чаткалда не деген өзгөрүүлөр болду. Алардын баары тарых барактарында калды, албетте. Чаткалдын тарыхын астейдил оодара карап олтурган адам не деген ажайып окуяларга, түркүн тагдырлуу белгилүү адамдарга кезигээри талашсыз. Чаткалдын түптөлүшүнө не деген асыл адамдар салым кошкон жок. Алардын катарына Чаткалды бир-эки жолу көрсө да, бул жердин ыйыктыгын, асылдыгын баалап, кыргыз журтунун ыйык бир бурч экендигин астейдил жүрөгүнөн сезип, бейиштин бир бурчундай болгон алакандай кооз жердин келечек тагдыры үчүн жан күйдүргөн Султан Ибраимов, Турдакун Усубалиев сыяктуу белгилүү инсандар буга кошо эле, Чаткалдан чыккан Темиркул Кошбаевдей чыныгы уулдар кирээри талашсыз. Мага да Чаткалда иштөө туз насиби буйруп, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары өрөөңдү өздөштүрүү озуйпасы мага тапшырылып, бул куттуу жерде он жылдай эмгектендим. Азыр ойлоп олтурсам, Чаткалга жыйырма алты жаш курагымда келип, жаштык курагымдын жалындуу мезгили Чаткалда калыптыр. Ал кезде Чаткалга жаңы гана техникалар келе баштаган мезгил. Өрөөндүн баш-аягы өздөштүрүлө элек. Чаткалдык жигердүү жаштардын деми менен далай жерлерди өздөштүрүп, Башкы-Терекке калктуу конушту негиздедик. Ал жерлердеги жаштык кездин бараандуу күндөрү аликүнгө эсимде. Андан бери далай мезгил өтүп, Чаткал район катары бир топ жетишкендиктерге ээ болуп, республикага таанымал болду. Мына, жакында Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси облустук деңгээлде белгиленди. Бул маарекеге республикалык жана облустук деңгээлдеги бир топ коноктор келишип, Чаткалдын өнүгүп жаткандыгына күбө болушту. Мен да сыйлуу коноктордун катарында көп жакшы нерселерге күбө болдум. Чаткалда бир топ жакшы өзгөрүүлөр болгондугуна күбө болуп, райондун ушундай деңгээлге жетишине менин да салымым бар экендигине ичимден сыймыктандым. Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде белгиленди десем аша чаппайм. Чаткалдын алмустактан берки басып өткөн жолу сахналаштырылып чагылдырылып, бүгүнкү күндөгү ар тараптуу жетишкендиктери да бир сыйра көздөн өткөрүлдү. Чаткалга ушундай чоң иш чара керек эле. Антпесе, Чаткалдын өнүккөнүн ким билет да, ким билбейт. “Миң уккандан бир көргөн артык”- демекчи, ар нерсени адам өз көзү менен көргөнү жакшы. Ушундай чоң иш чараны өткөрүүгө демилгечи болгон инсандарга,  Чаткал районунун азыркы жетекчилигине, район акими Канжарбек Эшалиевге чын дилден ыраазылыгымды билдирмекчимин. Чаткал районунда мындай жетишкендиктер дагы көп боло берсин. Саматкул Максымбеков. Чаткал районунун ардактуу атуулу, КР. Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Ала-Бука району]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь