Жакында Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө элдик жыйын болуп өттү. Элдик жыйында айыл тургундары жана айылдык кеңештин депутаттары келип катышты . Жыйындын негизги маселеси азыркы учурда төлөнүп жаткан сацилдык камсыздандыруу төлөмдөрү бир топ маселени жаратып жаткандыгы болду. Бул төлөмдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жаткан көп балалуу үй бүлөөлөр жана кары картаңдардын ооруканага келгенде соц фонддон аныктама бербей жаткандыгы айтылды. Бул маселе тууралуу бийлик өкүлдөрүнө кат аркылуу кайрылуу болгондугу, бирок азырынча жооптордун келе электигине токтоло кетишти. Бул тууралуу райондук социлдык камсыздандыруу фондунун башчысы А. Эшикуловго кайрылганыбызда, каттарга жооптордун келип жаткандыгын айтып,бирок бул маселе Жогорку Кеңештин депутатары чечерине токтолду. Ошондой эле I-II топтогу майыптар гана төлөнүүчү салыкты төлөбөй тургандыгына токтолуп, калган жарандар милдетүү түрдө төлөй тургандыгын мекеме жетекчиси А. Эшикулов кошумчалады.
Т. Алмарсбек кызы]]>