А.Чымканаев орто мектебинде берилүүчү шашке чайына ар бир окуучуга күнүнө 10 сомдон азык түлүккө бөлүнөт. Кээ бир мектептер сыяктуу окуучуларга сентябрь айынан тарта ысык тамак азыркы учурга чейин берилбей, болгону күнүнө берүүлүчү печенье, кекс, жана таттуу чай окуучуларга берилүүсү кайталанма көрүнүш болуп келет
Мектеп директору Гулнара Турдалиеванын берген малыматына карганда ал былтыркы окуу жылында ПРООНго долбоор жазган, бирок мектепте суу жоктугунан проек өтпөй калган. Быйылкы окуу жылында кайрадан долборго катышып, Терек -Сай айыл өкмөтү тарбынан 30 пайызга өздүк салымы үчүн 75 миң сом акча каражатына ишеним кат жазылып алынган. Буйруса суу маселеси чечилсе бул долбоор ишке ашат деген үмүт болууда. Бул маселе боюнча мектеп жетекчилиги тарабынан көп жака кайрылуулар болуп жатат. Айыл тургундарынан жана ата- энелерден да жардам сурап кайрылышууда. Жогорудагы маселе чечилсе Чымканаев орто мектебинин окуучулары да ысык тамак менен камсыз болот дейт мектеп директору Г. Турдалиева.
Г. Кельдиярова ]]>