Жалпы

Менин да айтаар кебим бар…

121

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2) (2015-жылдын 11-декабрында “Жаңы ордо” газетасына жана анын сайтына Чаткал районунун акими К. Эшалиев жөнүндө макала жарык көргөн. Ошол чыккан макалага жооп кылып райондун акими “Жаңы Ордо” газетасына төмөндөгүдөй жооп берген.)  Канжарбек Эшалиев, Чаткал районунун акими: “Элдин акчасына Бишкекке үй салсам, биринчи кабатын балдар бакчасына, экинчи кабатын карылар үйүнө  бергенге даярмын”  Канжарбек Жаныбекович, сөздү  ток этер жеринен баштасак. Чаткал районундагы  Жаңы-Базар деген жерде баасы  200 миң доллар көпүрө мындан 2-3 жыл мурун бүтмөк экен. Ал ушул кезге чейин бүтпөптүр. Бул боюнча сизге  кылмыш иши козголгон деген маалымат айтылды. Бул айтылгандардын чындыгы барбы? — Көпүрөнүн курулушу боюнча мага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Ал көпүрөнүн курулушу башталганда  мен аким болуп шайлана элек болчумун. Мурунку  акимдин убагында курулуш  иши башталган. Баса белгилеп айтып коёюн, курулушка  бюджеттен эч кандай  каражат  каралган эмес.  Райондук бюджетке курулушка деп каралган акча түшпөгөн.  Көпүрө демөөрчүлөрдүн жардамы  менен курулмак.  “Тоо кен Корея” фирмасы менен  “Тоо кен” фирмасы  көпүрөнү салып берип жатат. Бирок, эки компания  өз ара соттошуп жаткандыктан көпүрөнүн курулушу аягына  чыкпай токтоп турат.  200 миң доллар биздин бюджеттен бөлүнбөсө, ал акча райондук казынага  келип түшпөсө биз кантип  аралашмак элек? Көпүрөнүн каржы маселесине кийлигишүүгө биздин акыбыз да жок. — Көпүрөгө делип  каралган 200 миң  доллардын эсебинен сизди аким болгон деп айтып жүрүшөт. Жергиликтүү депутаттардын  отуз жетисине  2 миң доллардан акча  тараткан экенсиз.  Акчанын күчү менен шайлангансызбы? — Мени жергиликтүү кеңештин депутаттарына  акча таратты  деп маалымат тараткан  адамдар жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын да  абийирине шек келтирип жатат.  Менин талапкерлигим акимдин кызматына  көрсөтүлүп жатканда  эч кандай акча таркатылган  эмес. Мен 37 депутатка  2 миң доллардан акча  таркатчудай  бай эмесмин. Андай байлыгым  да жок. Коррупциялык жол менен кызмат орунга  келүүгө жеке өзүм каршымын. Акимди  шайлоо учурунда 7 талапкер көрсөтүлүп,  биринчи турда  эле мен 33 добушка ээ болуп,  аким болуп  дайындалганмын.  2 миң  доллардан акча  таратпаганымды жергиликтүү кеңештин депуттаттары  толугу менен тактап берет. Ал эми көпүрөнүн курулушуна  каралган  200 миң доллар акчаны  демөөрчүлөр өздөрү  билишет. Ал акчаны менин колума берген  да эмес. — Чаткал районунда алтындан түшкөн каражатты каалагандай тескеген топ бар дешет. Ал топтун башында  сиз турат экенсиз.  Ал топту кандай негизде кургансыз? — Бул мени Чаткал элине жек  көрсөтүү үчүн  аракет кылып  жаткан адамдардын чыгарган маалыматы.  Мен дагы алтындан түшкөн каражатты  каалагандай тескеген  кандай топ экенин  түшүнгөн жокмун. Ал топ качан түзүлгөнүн, кимдерден турарын так айтышса жакшы болмок экен.  Чаткал  районунда 25 миң калк жашайт. Менин тобум ошол  25 миң эл. Мени  көзөмөлдөп турган дагы карапайым калк. Мен үчүн элдин кары-жашы дебей баары  бирдей. Чаткал  районунун акими катары  элдин талабын  талашканга дайым даярмын. Элден өткөн сынчы жок дейт. Менин жумушка кызмат  үчүн чуркаган 3-4 адам эмес, эл гана  так баасын бере алат. Мен  ар дайым жумушка кетип жатып “Калыстыгың болбосо  акимдигиң не пайда?” деген сөздү  өзүмө-өзүм берем.  Аким катары баарына калыс  карашым керек. Баардык  жасалып жаткан иш мыйзам  чегинде болушун талап кылам. Мен аким болуп туруп,  район элинин ырыскысын өзүм билемдик  менен каалагандай чачып жаткан топту уюштуруп, анын башында өзүм тургандыгымды фактылар менен далилдеп беришсе, менин кызмат  ордума  көз артып жаткандарга  кабинетимди бошотуп  беремин. Ошондой топ бар болсо, эл алдына  чыгып топ менен жолукканга даярмын. — Ал топко жергиликтүү кеңештин депутаттары кире турганы  айтылбадыбы. Ошол топко кирген жергиликтүү депутаттары  Жогорку Кеңештин депутаттарында жок “Джип” үлгүсүндөгү машиналарды  айдап жүргөнү жөнүндө сөз  болгон. Бул чындыкпы? — Жергиликтүү кеңештин  депутаттары “Джип” авто унааларды  айдап жүрүшөт деген маалыматты окуп сүйүндүм. Демек, биздин районубузда экономикалык өсүш болуп, элдин жашоо шарты оңолуп жатыптыр. Азыр өлкөбүздө карапайым адам деле өзүнүн жашоо шартын оңдогонго аракет кылып, үй салып, “Джип” машина  алып жатпайбы. Жергиликтүү  кеңештин депутаттары кандай  айдап жүргөнүнө менин  кандай  тиешем бар? Ал  өздөрүнүн  жеке жашоосу. Жеке мен бир дагы депутатка акыркы  үлгүдөгү машина тургай, Союз учурунда чыккан  машина дагы алып берген эмесмин. Ар  ким  кандай жашайт,  өзүнүн эрки.  Мен аким катары  Чаткал районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары гана эмес, ар бир үй-бүлөөнүн короосунда экиден “Джип” машина турушун  тилеймин. Мен жөнүндө ар кандай ушактарды чыгарып жүргөндөр дагы экиден  машиналуу болушсун. Мени  “Лексус” маркасындагы кымбат баалуу машина  алды деп айтышыптыр. Азыр аким  катары  менде “Волга” жана “Исузу Бекорн” маркасындагы кызматтык авто унаа бар. Муну  элдин  баары билет. — Авто унаадан сырткары  сиз кыска убакыт  аралыгында эле Бишкекке заңгыраган эки үйдү салып жибериптирсиз. Ал үйлөрдү өзүңүз иштеп тапкан каражатка салдыңызбы? — Чындыгында  мен дагы кыска убакыттын ичинде  аким эмес, акчасы бар  бизнесменге деле заңгыраган үйдү Бишкек шаарына салыш кыйын болсо керек деп ойлойм. Мен айылга үй салып баштаганыма  5 жыл болду. Дагы деле ал үйүм бүтө элек. Бир  жылда эле эки кабаттуу болгон эки үйдү салып жибергенге  каражатты  табыш оңой болбосо керек. Мен 5 жылда айылга  үй салып бүтүрө  албай  жатканымда, борбор калаага эки хансарай салганымды өзүм дагы элестете  албайм. Бишкекте менин эки кабат хан сарай түгүл, времянкам жагы  жок. Эгер Бишкектеги эки кабаттуу үй меники болсо анын биринчи  кабатын балдар бакчасы кылып, экинчи кабатын карылар  үйүнө өткөрүп берүүгө даярмын. — Сиз аким болуп келгенден бери Чаткалга  көзгө көрүнө турган бир да имарат курулбады деген доомат  коюлуп  жатат. Район  үчүн  кандай  иштерди жасай  алдыңыз? — Союз тарагандан  кийин  Чаткал  районунда  курулуш  иштери  токтоп  калган. 24 жылда райондун  аймагында бир  да мектеп курулган эмес. Мен аким болуп ишке киришкенге чейин  эки чоң мектеп авариялык  абалда болчу. Бул маселе чечилбей келген. Аким болуп  дайындалгандан бери үч мектептин курулуш иштерин баштадык. Бир мектепти жакын арада  колдонууга  бергени жатабыз. Жакында  эле “Ай-Чубак” балдар бакчасын 10 млн сомго куруп бүтүп, пайдаланууга  бердик. “Чебурашка” балдар бакчасы  музыкалык  мектепке берилип  кеткен  экен. Аны кайра  кайтарып алып, 3млн сомдук керектүү жабдыктарды  алып, ишке  киргиздик. Жаңы жылга  чейин Коргон-Сай айылындагы балдар бакчасын пайдаланууга  беребиз деп турабыз. Чакмак-Суу айылындагы  дагы балдар  бакчасын  сатып алып, аны  да пайдаланууга берип  жатабыз. Айгыр-Жал менен  Каныш-Кыяны  бириктирген жолго 18 млн сомго  көпүрөнү бүтүрүп  пайдаланууга берилди.  Таласка  кеткен жолго да көпүрө  салынды. Каныш-Кыя   айылынын ичинде эки  көпүрө ишке  кирди.  Ак-Таш айылында  эки көпүрө ремонттон өткөрүлдү. Ушул  күнгө чейин Чаткалда  коомдук  мончо  жок болчу.  Мен аким болуп  келгенден кийин  коомдук мончо курулду. Айгыр-жал  айылында  маданият үйү курулуп жатат. Бул жасалган  иштер эл үчүн болуп жатат  да. Чаткалда  бир да көзгө  көрүнөрлүк  имарат курулган жок  деген курулай  доомат. Андай  сөздү райондо болуп жаткан жакшы иш-чараларды жокко чыгаргысы  келген бир ууч адамдар таратып  жатат деп ойлойм. — Коомдук  мончо 3,5 млн сомго  курулуп, азыр  жараксыз болгондуктан иштебей  жаткан турбайбы? — Жараксыз болуп иштебей жатат деген сөз суу кечпейт. Азыр элдер ошол  коомдук мончону пайдаланышып жатат. Жай мезгилинде  айыл жергесинде жашаган эл мончого барбайт  да. Жайлоого чыгышат, чөп чапканы  кетишет. Күн ысып жаткан мезгил болгондо дарыяга түшкөнү барышат. Айылда  жай мезгилинде мончого болгон талап дээрлик жок болот.  Ошондуктан коомдук мончо дагы жай мезгилинде иштебейт. Суук түшөрү менен иштей баштайт. — Чаткалдагы  эң көйгөйлүү маселе экология экенин  сиз да танбасаңыз керек. Алтын казган фирмалар экологияны  бузуп жатканы  айтылып келе жатат. Азыр  экологиялык абал кандай? — Менин  кесибим  эколог  болгондуктан  райондогу экологиялык  абалды көзөмөлдөп турам.  Жеринен  таанышканы барганда дагы алтын казган  фирманын жетекчилерине өз сөзүмдү айтам. Аким  экологияга көңүл кош  карайт деген дагы туура эмес. Жай мезгилинде  ар бир  айылдан бирден элдин өкүлүн, жергиликтүү депутаттар кирген 17 адам делегат менен Түркияга  барып  экология боюнча тажрыйба алып келдик. Келгенден кийин бизде иштеп жаткан фирмаларга  “Түркияда  алтын иштеткендер экологияга зыянын тийгизбей иштейт экен” деп талап койдук. Эгер алтын казгандар экологияга  терс таасирин тийгизе турган болсо райондо экотехинспекциянын адистери бар, ошолорго кайрылып, тийиштүү  чараларды  көрөбүз. — Жергиликтүү эл алтын казган компаниялар экологияга терс таасирин тийгизип жатат деп каршы  чыкканда, сиз эл менен компаниялардын ортосуна түшүп, алтын казгандардан акча алат экенсиз. Бул айтылгандарга  кандай жооп айта аласыз? — Мен  аким болгуча бир топ нааразычылыктар болуп, эл менен  фирмалардын ортосунда  пикир  келишпестиктер жаралып, алтын казгандардын техникаларын тартып алып, жол тоскон окуялар болгон. Азыр деле пикир келишпестиктер болуп турат. Мен бийликтин ошол жердеги өкүлү болгондон соң стабилдүүлүктү кармоо, элди ынтымакка чакыруу, түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү менин милдетим. Ошондой окуя  боло турган болсо райондогу  укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары менен чогуу  барып, эл менен сүйлөшүп, маселени жеринде чечкенге аракет кылып келем. Эл нааразы болуп жатканда, аны жеке өзүмдүн кызыкчылыгыма пайдаланып, алтын  казгандардан акча өндүрүп алсам, кудайга да жакпай турган иш кылган болмокмун. Чаткал  чакан район. Акча алган болсом заматта эле билинип калмак. Мен ачык эле айтып коёюн, элдин нааразычылыгын пайдаланып фирмалардан акча талап кылган учур болушу  мүмкүн эмес. Мындан кийин да андай окуя болбойт.  Кайсыл райондо ошондой окуя болгон болсо, аким  стабилдүүлүктү сактаганга аракет жасамак. — Алтын казган фирмадан  өзүңдүн кызматтык авто  унааңызды ремонттон өткөзүү үчүн акча  которткон экенсиз.  Кайсыл фирма  акимдин кызматтык унаасын ремонттон өткөрүү үчүн акча  которуп, демөөрчү болуп берген? — Менин үстүмдөн  эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Мени  каралап жаткан  адамдар далилдүү аргументти таба албаса, сөзсүз сот алдында  жооп берет. Менин кызматтык унаамды ремонттон өткөзүү үчүн бир дагы фирма акча которуп берген эмес. Эгер чын эле  кайсыл бир фирма акча которгон болсо, аны айтып жаткан  адамдар кайсыл банкка акча которулганын, эсебин берип койсо жакшы  болмок. —Мындан сырткары райондогу Мамакаттонун имаратын  ремонттон өткөрөм деп  фирмалардан акча алып, имаратты оңдобой же фирмага акчаны  кайтарып бербей жүрөт экенсиз? — Райондогу  Мамлекетик каттоо  кызматына жардам  көрсөтүү  боюнча фирмаларга кат жазып кайрылганбыз. Бирок,  бир дагы  фирманын жетекчиси  Мамкатоонун имараты үчүн  деп  менин колума  акча алып берген эмес.      Эгер  фирмалар  жардам көрсөткөн учурда  дагы   мага эмес. Мамкатоонун өзүнө алып келип бермек. Алтын казгандар деле мага акчаны эч кандай  докумети жок  эле бере бергидей келесоо эмес да. Эгер кайсы фирма  мага тыйын берген болсо, мен беттешкенге даярмын. — Чаткал районунда  өндүрүлгөн  алтындан   2 пайыз  жергиликтүү казынага калат экен. Сиз  ошол акчадан  9 млн  сомго   маданият  үйүн куруга бериптирсиз. Сиздин ал  акчага аралашканга  укугуңуз жок да. Кантип уруксат берип койдуңуз? -Туура, ал  акчаны   иштетүү үчүн   токтом чыгырып берүүгө  акимде  эч кандай   укук жок. Азыр эки баскычтуу бюджет.  Айыл өкмөттөр, өздөрүнүн  бюджетин депутарттары менен  бирге карап, кайда жумшоо керек экенин чечишет. Аким аларга көрсөтмө бере албайт. Аким көрсөтмө берген күндө деле  аны жергиликтүү кеңеш  канаттандырбайт. 9млн сом боюнча  тендер өтүп, Каныш-Кыя айыл өкмөтү  тарабынан каржыланган. Азыр ал  салына турган маданият  үйүнүн  курулуш иши бүтү алдында турат.  Менин ал жерге эч кандай тиешем жок.  Тендер өтүп, жеңүүчү  аныкталган соң,  курулушка деп каралган  9 млн сомду бербей,  казынада кармап турганда  каржы министрлиги менен Экономика  министрлигинен атайын кат баргандан кийин  гана курулушту айыл өкмөт каржылаган. Аким тарабынан 9 млн сомду иштеткенге эч кандай токтом кабыл алынган эмес. Алтындан түшкөн  акчалар айыл өкмөттөрдүн  бюджетинде кармалып турат.  Ал акча райадминистрацияга келип түшпөгөндөн кийин  биз ага аралашканга укугубуз жок.  Мени билим берүү тармагындагы  коррупциялык  иштерге аралаштырып жиберишиптир. Райондук  билим берүү башкармалыгында  1млн 260 миң  сомдук коррупция иштери болуп, кассир 960 сомду кайра төгүп  жатканын айтыптыр. Бул боюнча тергөө иштери  жүргөн. Акыркы чекитти сот коёт. Ал ишке аким жооп бербейт да.  Менин кандай тиешем бар ал ишке. Ооруканага  ошол кассирди  бухгалтер кылып койгон деп  мени күнөлүү кылышыптыр. Кимди бухгалтер  кылып дайындашты оорукана жетекчилиги өзү  чечет да.  Мен ал жерге эч кимди бухгалтер кылып дайындаган эмесмин. Менин    функцияма  кирбейт, аралашпайм дагы. — Чаткалда  криминал башкарып калды деп айтылып жүрөт. Мындан бир аз мурун эле   бир фирманы 5кг алтыны менен тоноп кеткен окуя болду эле. Ушул окуя  айтылгандарга негиз болуп бербейби? — Мен ошол сөздү чыгарып жаткандарга “ Кайсы криминал  Чаткалды башкарып жатат?” деген суроону берет элем. Ар кандай сөздөрдү чыгара бериш  оңой экен да. “Фонта”  деген фирманы  тоногондор  колго түшүрүлүп , иши сотко өтүп,  тоногондор өздөрүнүн  жазасын алышкан. Акимдин ордуна көз арткандар менин  жеке жашоомо да асылып  корукта жетекчи болуп турганда катчы кыздын боюна бүртүрүп коюп, аким болгондон кийин  ага үй салып  берген деп  айтышыптыр. Мен  корукта жетекчи болуп иштегеним чын. Бирок катчы кыздын  боюна бүтүрүп койгон дегидей, алар ошол учурда шам жагып кармап туруптурбу? Эгер фактысы болсо эл алдына чыксын. Мен жооп бергенге даярмын.  Аким болгондон бери  эч кимге үй салып берген  эмесмин. Өзүмө 5 жыл мурун  үй салып баштагам, ошону бүтүрө  албай жатып, башка  адамга  кантип үй салып берет элем? Андай окуя болгон эмес. Кудайга шүгүр өзүмдүн  жакшынакай болгон  үй –бүлөөм бар. Эки  кыз бир уулум бар. Келинчегим мадания үйүндө  иштейт. Эл арасында өзүбүздүн жай турмушубузду өткөрүп жатабыз.  Кызмат үчүн күрөшкөндөр менин үй-бүлөмө асылбай жигитче күрөшсө дейм.  Аларга да үй-бүлөөлүк бакыт каалайм.  Ар кандай сөздөр менен мени элге жаман көрсөткөндөргө  кудайдан  ыйман берсин.  Чаткал районунда биринчи  райондун 80 жылдык мааракесин уюштурдук.  Буга чейин мындай иш чара болгон эмес.  Эли аз болгону менен тарыхы бай экенин даңазаладык.  80 жылдыкка карата 80 доолбор деген  программа  иштеп чыканбыз. Райондун энциклопедиясын биринчи басып чыгардык.  Бул дагы чоң жетишкендик.  Ушул сыяктуу бир топ иштер аткарылганын  экономикалык абалыбыз  жакшырып баратканын  көргөндөр, ушул иштерди  мен жасасам болбойт беле деп кыска ой менен алектенип  жатышса керек.  Ошол адамдарга кимдин пешенесине акимдикти  жараткан жазган болсо, ошол    адам  аким болот, бирөөнү  каралоо менен аким боло албайт   дейт элем.  Босогобузда  жаңы жыл келе жатат. Жаңы жылда   элиме жараткан  жакшылык берсин.  Элибиз тынч болсун.  Чагымчыл күчтөрдүн  артынан  эрчибесин.  Бул менин актанып айткан пикирим эмес. Бөйрөктөн шыйрак  чыгарып  жаткан адамдардын  жүздөрү  бат эле ачылыт. Акты ак, караны кара  деген эл баарына калыс баасын берет. Маектешкен  Наралы  Асанбаев “Жаңы ордо” газетасы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь