(сүрөттүн материалга тиешеси жок)
Коргон-Сай айылындагы К. Акназаров атындагы мектебинин имаратынын жараксыз абалга келгенине бир топ мезгил болуп, аталган мектепке жаңы имарат куруу маселеси эчак бышып жетилсе да, ишке ашпай келген. Быйыл “муз ордунан козголуп” дегендей, жаңы имараттын курулуш иши башталды. Жаңы мектеп имаратын курууга республикалык бюджеттен 26 млн. 185 миң сом акча каражаты каралып, тендер өткөрүлүп, учурда курулуш иштери башталды.
М. Эшназаров ]]>