Коом

Жаңырган жыл жакшылыкка жар болсун!

25

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2) Урматтуу Чаткал районунун тургундары! Баарыңыздарды күн санап кирип келе жаткан 2016-жаңы жылыңыздар менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атынан куттуктайм. Жаңы жылга баарыбыз жакшы ниет менен бара жатып, алды менен өзүнүн сапарын карытып бара жаткан эски жылга саресеп салсак, кой жылында районубуздун эли  үчүн бир топ тарых барактарында жазылып калчуу жакшы жышаандардын күндөрү болду. Районубуздун уюшулгандыгынын 80 жылдыгын чогубуз менен уюшкандыкта областтык мааниде белгиледик. 80 жылдыктын шарапаты менен бир топ илимдин адамдары катышкан “Чаткал району-илимий изилдөөлөрдө” аттуу республикалык маанидеги илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү. Ошону менен катар эле алгачкы жолу Чаткал районунун энциклопедиясы жарык көрүп, элибиздин колуна жетти. өтүп бара жаткан жылда элибиздин ынтымагы менен социалдык, маданий, билим берүү жана башка тармактарда бир топ ийгиликтер жаралды. Көптөгөн алдыга койгон максаттарыбызга жетише алдык. Ардактуу калайык калк! Жаңырып келе жаткан 2016-жыл элибиз үчүн жакшылыктар коштогон жылдардан болсун. Элибиздин башына бакыт конуп, жергебизди кыдыр жылоолосун. Ар бир үй-бүлөгө ынтымак, ден соолук жана жакшылыктарды каалайм. А. Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь