Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө”токтомуна ылайык райондо бир топ иштер аткарылды.
Өткөрүлгөн иш-чараларда, тактап айтканда жолугушуулар, тегерек столдор, семинарлар, жарменкелер, майрамдык түштөнүүлөр жана башкаларда 1-топтогу майыптыгы бар жарандарга, улгайган жарандарга жалпы 53 адам 250 килограммдан жалпысы 13250 кг көмүр суммасы 66250 сом, туберкулез менен ооруган 2 жаранга 30000 сомдук, ал эми райондук мекеме уюмдардын жетекчилери тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген 26 жаранга 30000 сомдук жардамдар көрсөтүлдү. Жалпысы 81 адамга 126250 сомдук акчалай жардам берилди. Мүмкүнчүлүгү чектелген 20 адамга 20000 сомдук сый тамак, белектер берилди. Райондук мекеме уюмдардын жетекчилери тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген 7 жаранга 8250 сомдук жалпысы 27 адамга 28250 сомдук жардам көрсөтүлдү. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки 19 балага 500 сомдон 9500 сом, 18 жаштан жогорку 67 майыпка ар бирине 300 сомдон 20100 сомдук акчалай жардам жана 10400 сомдук баалуу белектер, 2-топтогу 1 жаранга 5000 сом, колдоого мукташ 25 үй-бүлөгө 32000 сомдук көмүр таркатылып берилди. Райондук мекеме уюмдардын жетекчилери тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген 7 адамга 5400 сомдук жардам берилди. Жалпысы 119 адамга 82400 сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү. Мекеме уюмдардын жетекчилери тарабынан 15 колдоого муктаж адамдарга 12600 сом акчалай жардам, 12 майып адамга 8 куб отун 6600 сомдук жардам көрсөтүлдү. Жалпысы 27 адамга 19200 сомдук жардам көрсөтүлдү. Жалпылап айтканда район боюнча 254 адамга 256100 сомдук жардам көрсөтүлдү.
Б. Дилдебаев]]>