Жергиликтүү кабарлар

Бир айылда эки спорт зал

27

жергиликтуу пескоблок   Терек-Сай айылындагы Эшалы  болуш  көчөсүндө  мурдагы  курулган спорт залды реконструкциялап, капиталдык ремонттон  өткөрүп, спорт  комплекси  курулуп  жатат.  Ал спорт  залга  жергиликтүү бюджеттин  эсебинен  5,748,3 миң сомго тендер өткөрүлүп  “Оомат-Замир» ЖЧК коому   5,438,6 миң сом  утуп  чыгып,  бүгүнкү  күндө  спорт  комплексин  бүтүрүү үчүн  кызуу  иштешүүдө. Бул иш  1-октябрда  тендерге  берилип, 24-октябрда жыйынтыгы  чыккан. “2016-жылга  чейин  ачылышы  күтүлүүдө”,- дейт фирманын директору. Учурда ал бригадада  10 киши иштеп жатат. Ошондой эле айыл аймактын Ак-Терек көчөсүндө дагы бир күрөш  жана  машыгуу залдарынын  курулушу  1-ноябрдан башталды. Ал “Эвентус” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулууда Г. Кельдиярова ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь