Декабрь айынын 12синде Башкы-Терек айылында жаңы курулган бала бакчанын ачылыш аземи болду. Ачылыш аземине район акими Канжарбек Эшалиев жана Каныш-Кыя айыл аймагынын төрагасы Сатаркул Мусабаев баштаган район аймагындагы мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айыл калкы катышты.
Ачылыш аземи учурунда чакырылган коноктор бала бакчанын ички шарты менен таанышышты.
Бала бакчанын курулушуна Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 10 млн. 850 миң сом акча каражаты жумшалып, «Айти Булак» жана «Асаба Чаткал» курулуш ишканалары тарабынан курулуп, ишке берилди.
Ачылыш аземи учурунда бакчанын кызыл тасмасы кесилип, бакчанын курулушуна эмгек сиңирген жарандарды сыйлоо салтанаты болду. Салтанатта райондук мамлекеттик администрация жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан бакча башчысы Рахия Өнөрбаевага, «Асаба Чаткал» жана «Айти Булак» курулуш ишканаларынын жетекчилери Эркебек Таштанбаевге жана Сулайманкул Айтивге «Ардак Грамоталар» жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, ыраазылыктар билдирилди. Буга кошо эле, бакчанын ишке берилишине жакындан көмөк көргөзгөн Кичи Чаарат фирмасынын жетекчиси Ван Лунга да сый көрсөтүлдү.
Аземдин жүрүшүндө катышуучуларга ак дасторкондон даам сыздырылып, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору жана бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.
Жаңыдан ишке берилген бул бала бакча 100 орунга ылайыкташтырылып, бакчанын имаратынын ич заманбап түрдө бүткөрүлгөн.]]>