Кабар

Чаткал району жабыркагандарга кол сунат

88

IMG_4832 IMG_4833 IMG_4834 IMG_4835 IMG_4836 24-ноябрь күнү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында 2015-жылдын 17-ноябрында Ош областынын аймагында болуп өткөн жер титирөөгө байланыштуу райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери катышкан чукул жыйын өткөрүлдү. Жыйында район акиминин орун басары Муратбек Досматов аталган кейиштүү окуядан улам жабыркаган жарандарга жакындан жардам көрсөтүү тууралуу КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы  телефонограммасы менен тааныштырды. Жыйын жүрүшүндө катышуучулар мындай учурда четте карап туруу чеки болоорун бир ооздон белгилешип, Ош облусунун жер титирөөдөн жабыркаган жарандарына кандай жагдайда жардам берүү керектиги боюнча ойлорун ортого салышып, соңунда райондо иштеген ар бир кызматкер 200 сомдон жардам берүү боюнча чечим кабыл алышты. Жыйынтыгында, район аймагында кыркка жакын мекеме болсо, анда иштеген жалпы кызматкерлерден чогулган акча каражаты эки жүз миң сомдон ашмакчы. Мындан сырткары, район аймагында иш жүргүзгөн тоо кен компанияларына да кайрылуу тууралуу сөз болду. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Ош облусунда болуп өткөн жер титирөөдө беш жүзөн ашуун турак жай, он социалдык объект жабыркаган. М. Эшназаров  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь