(сүрөттөр интернеттен алынды)
Ноябрь айынын 17синде Чаткал районунун Шакафтар айылында заманбап шарты бар он орундуу төрөт үйү ишке берилди.
Төрөт үйүнүн ачылыш аземине КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгембердиева баштаган облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү катышты.
Жаңыдан ишке берилген төрөт үйү мурда Сумсар аймактык бейтапканасынын карамагында болуп, 1990-жылдардан бери кароосуз калып, иштебей турган. Төрөткананы кайрадан ишке киргизүүгө он жылга жакын убакыттан бери аракеттер көрүлүп, 2014-жылдан баштап Сумсар аймактык бейтапканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева тарабынан астейдил аракеттер көрүлө баштаган. Өткөн жылдан бери Жалал-Абад ФОМСтан 2 млн. сомго жакын акча каражаттары жана мунун ичинде медкаражаттар ал эми, райондук жетекчиликтен 50 миң сом жана башка демөөрчүлөрдөн акча каражаттары, ар кандай жардамдар берилип натыйжада, төрөт үйү кайрадан ишке кирди.
Төрөт үйүнүн ачылыш аземи учурунда КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгембердиева төрөт үйүнө 100 миң сом, Жалал-Абад ФОМСтун башчысы Т. Нышанов 100 миң сом тапшырышты. Ал эми, “ӨмүрФарм” ишканасы тарабынан төрөтканага 5 даана люстра тапшырылды. Ачылыш аземинин катышуучулары төрөткананы кайрадан ишке киргизген Э. Таджибаевага жана төрөткананын ишин кайрадан жандантуу демилгесин көтөрүп, көп аракеттерди жумшаган айылдык кеңештин депутаты С. Курмантаевага ыраазычылыктарын билдиришти.
Б. Исаков]]>