Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу маалымат беришти

IMG_4526 IMG_4527 IMG_4528 IMG_4525 12-ноябрда раймамадминистрацияда “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу жана Борбордук Азиядагы Евразия фондунун уюштуруусу алдында“Региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу тоо кен компанияларынан түшкөн кирешелерди ачык жана эффективдүү башкаруу” долбоорунун алкагында “Региондорду өнүктүрүү фонд дору, аларды түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгүн уюштуруу” аттуу тренинг болду. Тренингдин максаты- жергиликтүү инфратүзүмдү андан ары өнүктүрүү максатында региондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жана администрациясынын, буга кошо эле,  жергиликтүү башкаруу органдарынын жана жергиликүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу, региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү, башкаруу жана долбоорлорду каржылоого буюртма берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүү болуп, тренигге раймамадминистрациянын тиешелүү кызматкерлери,  район аймагындагы айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана район тургундары катышты. Тренингде КР. Экономика министрлигинен келген өкүл Аскат Беков менен көзкарандысыз эксперт Зоотбек Кыдыралиевдер тренингддин темасынын алкагында бир топ маселелер тууралуу ой бөлүшүп, региондорду өнүктүрүү фонддорунун иштөө тартиби, аларга түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн, фондго долбоор жазуунун жол-жоболору сыяктуу маселелер тууралуу түшүнүк беришти. Катышуучулар мындан сырткары, тоо кен компанияларына тиешелүү бир топ суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты М Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *