МерсиКО менен тыгыз кызматташуунун аркасында

IMG_4574 IMG_4551 IMG_4563 IMG_4562 Райондун билим берүү мекемелери бир топ жылдан бери МерсиКО уюму менен тыгыз кызматташып келишүүдө. Булардын бири-Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уул Матиш атындагы орто мектеби. Аталган мектепке 1-4-класстардын окуучуларынын шашке чайына жакшы шарттарды түзүү, балдардын тамактануу потенциалын жогорулатуу максатында  МерсиКО уюму тарабынан жалпысы 184260 сомдук (мындан өздүк салым катары 65760 сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан берилген) ашкана эмеректери алынып берилген. Буга кошо эле, аталган уюм тарабынан балдардын шашке чайы үчүн зарыл азык-түлүктөр да берилип келүүдө. Атай кетсек, өткөн окуу жылында МерсиКО тарабынан мектепке 204 литр ак май, 450 кг күрүч, 950 кг ун жана 200 кг буурчак берилген эле. Быйылкы окуу жылынын башталышында дагы 550 кг күрүч, 232 литр май, 1050 кг ун жана 200 кг буурчак берилди. Бүгүнкү күндө аталган мектептин 1-4-класстарында окуган 104 окуучуга шашке чайы берилет. Мектеп ашпозчусу атайы окуудан өтүп, сертификатка ээ. -Мектеп ашканасына Каныш-Кыя айыл аймагынын демөөрчүлүгү менен 6 даана стол жана 25 даана отургуч жасатып, орнотконбуз. Каныш-Кыя айыл аймагынын мектептин зарыл иштерине жакындан жардам көрсөткөндүгүнө мектеп жааматы жана ата-энелер терең ыраазы-дейт мектеп директору А. Стамбеков]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *