Чаткал районунда 2015-жылдын 9 айында эл чарба тармактарынан 2607803,0 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 169,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 151,9 пайызга же 890658,2 мин сомго көп аткарылды.
Айыл чарбасында 9 айдын жыйынтыгы менен 974932,7 мин сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 114,5 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 113,1 пайызга өсүү темпи камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан 2243,0 тонна эт, 6801,0 тонна сүт, 103,0 тонна жүн, 1664,0 миң даана жумуртка өндүрүлдү.
Өнөр жай тармагында 1225627,5 миң сомдук продукция өндүрүлүп, ал эми 2014-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2,8 эсеге көп аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 217,6 пайызга аткарылды.
Ал эми калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 9 айдын жыйынтыгында 21536,0 миң сом болуп, план 95,1 пайызга, өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 112,7 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.
Капиталдык салымдардын көлөмү 28565,8 миң сомду түзүп, план 54,6 пайызды, 2014-жылдын 9 айына салыштырмалуу өсүү темпи 46,0 пайызга аткарылды.
Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 357141,0 миң сомду түзүп, план 112,5 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 108,5 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.
2015-жылдын 9 айында райондун экономика, социалдык тармактарына жалпысынан 186340,3 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,7 пайызды камсыз кылды. Анын ичинен 88750,0 миң сом айыл чарбасына, 51827,7 миң сом социалдык тармака, 16950,7 мин сом өнөр жай тармагына жана 28811,9 миң сом ар кандай тармака тартылган.
Райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 127138,5 миң сом кичи жана орто кредиттер берилилген.
Бюджеттин киреше бөлүгү салыктар жана жыйымдар район боюнча 177775,0 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 133,0 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 150,5 пайызга камсыз кылынды. Анын ичинен республикалык бюджетке 76720,1 миң сомдук план белгиленсе 71438,0 миң сомго аткарылып, план 93,1 пайыз, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызды түздү. Себеби, алтын өндүрүүчүлөрдөн алынуучу салыктардын божомолу негизсиз жогору берилүүдө. Анкени эң ири өлчөмдө салык төлөп келе жаткан ОсОО “Вертекс Голд Компани” июль айынан баштап алтын өндүрүүсүн токтотуп, август-сентябрь айларынын салыктык отчетторун “0” менен берүүдө. Андан сыркары райондун аймагындагы кен байлыктарды иштетүүгө лицензия берүүгө аукциондордун болбогондугуна карабастан бонус ( бир жолку төлөм) салыгы боюнча божомол негизсиз жеткизилүүдө.
Жергиликтүү бюджетке 56938,6 миң сом план белгиленсе, 106337,0 миң сом топтолуп, план 186,8 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 189,5 пайызга көп топтолгон. Райондогу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн атайын каражаттар жана трансферттер менен алганда пландагы 77326,2 миң сомдун ордуна 125988,2 миң сомго аткарылган, план 162,9 пайызга же 48662,0 миң сомго ашыкча аткарылган.
Б. Дилдебаев ]]>