В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатынын агрардык жана айыл чарба иштери боюнча орун басары Жунусалы Сманкулов “Жайындагы бир күндүк эмгегин кыштын 90 күнүнө тете” деп айтылгандай жайдын август айы ичи мектеп-интернатынын обьектилерине жандуу аракеттер менен суу чыгарууга киришкен эле. “Аракеттен – берекет” дегендей, Жунусалы Сманкуловдун аракеттери натыйжалуу болуп суу түтүкчөлөрү кайрадан ремонттолуп суу чыгарылды. Натыйжада “Суу барган жерге тазалык барат” дегендей жогоруда аталган обьектерге суу чыгарылып, мектеп-интернатынын тарбиялануучулары үчүн жана алардын тазалыкты, гигиенаны сактоолоруна жакшы шарт түзүлүп калды.
Б.Исаков]]>