Район аймагындагы дээрлик бардык мектептер жана мектептке чейинки билим берүү уюмдар кышка даяр. Бул тууралуу райондук билим берүү уюмунун башчысы Т. Тынышов билдирди. Анын билдиришинче, мектептерге 342 тонна көмүр, 147 куб жыгыч отун алынып берилген. Тактап айта кетсек, Б. Камчыбеков орто мектебине 40 тонна, Ж. Ташкеев мектебине 22 тонна, А. Баймырзаев орто мектебине 25 тонна көмүр бөлүнуп берилген. Ал эми бала бакчалардан -Сумсар бала бакчасы 15 тонна,Байчачекей бала бакчасы 18 тонна көмүр менен камсыз болгон. Райондогу мектептерде кадр жетишпестиги эске алынып, быйылкы жылдын эсебинен 7 жаш мугалим ишке тартылган. Көпчүлүк жаш кадрлар информатика,физика,география предметтеринен учурда эмгектенип жатышат. Окуу жылы башталгандан тарта мектептерде мугалимдер жетиштуу жана мурунку жылга караганда кадр жетишпестиги толугу менен жоюлган. өткөн окуу жылында район аймагында мектеп окуучуларынын өз ара пикир келишпестиги чыр-чатактары билим беруу мекмесине бир топ ынгайсыз абалды түзгөн. Мындай окуяларды алдын алуу боюнча бир топ иш чаралар аткарылып , райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкелери жана социалдык педагогдор иш алып барууда дейт райондук билим беруу башкармалыгынын башчысы Т. Тынышев.
Кабарчы Т Алмарсбек кызы]]>