Коом

Район аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында

75

IMG_2930 IMG_2913 (2) Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 9 айда табигый кырсыктардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга өКМнен 3227 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп, планда көрсөтүлгөн учаскаларда иш толук аткарылган. Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан жергиликтүү мекеме иш-каналардан 40 млн. сом түшкөн, бирок фондун “Жобосу” чыга электигине байланыштуу зарыл объектилерге өзгөчө кырдаалдар учурунда дагы иштете албай жатышат. Ал эми 29-августа нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандын кесепетинен Сумсар айыл аймагындагы Сумсар айылынын Набережная участкасында 1960-жылдары салынган узуну 24 метр, туурасы 10 метр болгон ички чарбалык чоң автоуналар өтүүчү  көпүрөгө катуу келген селдин кесепетинен күн чыгыш тарабындагы көтөрүп турган негизги опорасын өз нугунан жылдырганына байланыштуу көпүрө 1,2 метр оң тараптагы жагы отуруп калган. Негизги көтөрүп турган опоралардан 0,70 см жарака кеткен, көпүрөнүн үстүнөн 45-50 см чейин жаракалар пайда болуп авариялык абалда турат. 29-августагы нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандан кеткен селден улам баардык болжолдуу чыгымдын өлчөмү 8383491 сомду түзөрүн “Жарандык коргонуу” комиссиясы аныктады. Бул нөшөрлөп катуу жааган мөндүр жаандын кесепетинен чыккан зыянды өКМ тарабынан сунушталып азыркы убакта акча каражаты чечилбей турат. Ошондой эле Чаткал дарыясынын нугу райондук электр тармактар ишканасынын кенсесине жакындоо коркунучун алдын алуу үчүн райондогу мекемелерден 16 техника, 25 адам күчү ишке тартылып, жээкти бекемдөө иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү. Район боюнча табигый кырсыктан жабыр тарткан 23 тургундун тизмеси такталып, тиешелү мекемелерге жөнөтүлдү. Атайын кабарчы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь