Чаткал районунун № 27 Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Т. Субаналиевдин айтымында райондо алдыдагы кыш мезгилине карата даярдыктар 90 пайыз аткарылды. Быйылкы жылы мекеме жаңы техникалар менен камсыз болгон. Чаткал-Ала-Бука унаа жолдорунун коопсуздук чаралары көрүлүп, кышка карата бир топ даярдык алдын ала көрүлдү. Тактап айтканда, Чаткал–Ала-Бука авто унаа жолунун 60-80 км чакырымында 2 даана оор техника даяр турат. Ал эми, аталган унаа жолунун 80-180 чакырым аралыгында 2даана автожүктөөчү жана 1 даана жол тазалоочу техникалар ишке даяр. Аба ырайынын катаалдыгы эске алынып, 2500 тонна күйүүчү, майлоочу май даярдалган. Негизи, районго 1 жылга болжол менен 50-60 күйүүчү, майлоочу май керектелет. Учурда Ак-Таш айылына кеткен негизги унаа жолун кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн ДТ-75 авто унаасы оңдолуп жатат. Буга кошо эле, аталган унаа жолун жер көчкүлөрдөн тазалоо айыл көпүрөсүн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Кабарчы Т Алмарсбек кызы]]>