Кабар

“Милициянын жаш досу” кароо-сынагында

52

шакафтар интернатSAM_1551 1-ноябрь – Кыргыз  милициясынын  күнүнө жана  анын уюшулгандыгынын  91 жылдыгына карата  өспүрүмдөр арасында  кылмыштуулукту,  мектеп  рэкетчилигин, уурулук,  супцид жана башка терс көрүнүштөрдүн  алдын алуу максаттарында үстүбүздөгү 2015-жылдын 20-октябрында  Сумсар  маданият үйүндө Чымканаев, Ак-Терек, Камчыбеков, Гагарин, Сумсар орто мектептеринин  жана В.И.Ленин  атындагы мектеп-интернатынын  жогорку класстарынын  окуучуларынын  арасында  “Мекеним менин – Кыргызстан” ураан  астында “Милициянын  жаш досу”  кароо-сынагы болуп өттү. Бул  кароо-сынакка  РИИБнүн башчысынын орун басары, милициянын майору Садырбай Уулу  Марат,  РБББнүн башкы  адиси  Равшан Мамурбеков  келип катышышып, кароо-сынактын  күбөлөрүнөн  болушту. Бул  конкурска  Камчыбеков  орто мектебинин “Көгүчкөн”, Чымканаев орто мектебинин “офицерлер”,  Ак-Терек орто мектебинин  “Кыргызымдын кыраандары”, Сумсар орто мектебинин  “Калкан”, Гагарин орто мектебинин  “Бириккен Кыргызстан атуулдары” жана Шекафтар  мектеп-интернатынын “Барчын” келип  катышышып  өздөрүнүн таланттарын, өнөрлөрүн  залдагыларга тартуулашты. Сынактын жыйынтыгында,  В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатынын  “Барчын”, Сумсар орто мектебинин “Калкан” командалары 1-орунга  чыгышып, конкурстун жеңүүчүлөрүнөн болушту.  Ал эми  2-орунду Чымканаев орто  мектебинин  “офицерлер”  командасы ээледи.   “Көгүчкөн”,   “Бириккен  Кыргызстан  атуулдары”,  “Кыргызымдын  кыраандары” командалары  3-орундун  ээлеринен  болушту. “Милициянын  жаш досу”  конкурсу  таасир  берген,  патриоттук  сезимдерди козгогон, кызыктуу  жана пайдалуу  кырдаалда  өттү. Б.Исаков]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь