Батырбеков Кудайберди Темирбаевич 1976-жылы Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Билими жогорку, Ош мамлекеттик Университетинин юрист пруденция факультетин бүтүргөн.
Алгачкы эмгек жолун 1999-жылы Ош шаардык сотунда сот аткаруучу болуп баштаган. 2001-2005-жылдары “Бета-Кыргызстан” жабык типтеги акционердик коомунда юрист-консультант, 2005-2007-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик салык инспекциясында башкы инспектор, 2008-2012-жылдары адвокат, 2013-жылдан Чаткал райондук мамкаттоодо башкы каттоочу болуп иштеп келген.
2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын буйругу менен Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын качальниги болуп дайындалды.
Баткен коогалаңынын катышуучусу.
үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
]]>