Кабар

АТАНТАЙ АКЫН МӨӨРӨЙ АЛДЫ

26

 

атантай 2

Эл аралык ТюркСой уюму жана Кыргызстан Жазуучулар бирлиги тарабынан ар кайсы муундагы акындар арасында уюшулган “Беш акын” теледолбоору өтүп жаткандыгы белгилүү. Жакында, аталган теледолбоордун 1960-70-жылдар аралыгында төрөлгөн акындар арасындагы таймашына  Жедигер Саалаев, Жыпара Исабаева, Алтынай Темирова, Олжобай Шакир жана Атантай Акбаров катышты.

Кечеде акындар мезгил сынынан өткөн мурунку ырларын жана жаңыдан жазган сыясы кургай элек ырларын окушту. Алардын ырларына жазылган обондорду таанымал ырчылар аткарып, көрүүчүлөрдү өз өнөрлөрү менен карк кылышты. Ошондой эле долбоор-сынакка катышкан акындар акындыгынан башка да өздөрүнүн кошумча өнөрлөрүн тартуулап, түрк тилдүү классик акындардын өздөрү которгон чыгармаларын окуп беришти.

Жазуучулар бирлигинин Төрагасы, акын Акбар Рыскулов баш болгон калыстар тобунда белгилүү адабиятчы-сынчы Кадыркул Даутов, адабиятчы-изилдөөчү Омор Сооронов, эл акындары Майрамкан Абылкасымова, Омор Султанов, Төлөгөн Мамеев жана эл артисти Түгөлбай Казаковдор болушуп, акындарга калыс упайларын беришти.

атантай 1 (2)

 

Жыйынтыгында “Беш акын” телесынагынын бу жолку жеңүүчүсү болуп белгилүү акын Атантай Акбаров табылды.

Буюрса, декабрь айында ар муундагы акындардын жеңүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу таймашы өтөөрү күтүлүүдө. Чаткалдык белгилүү акын агабыз Атантай Акбаровго жыйыныктоочу таймашта ийгилик каалап кетмекчибиз.

]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь