Конференциянын соңунда, окумуштуулар жана коноктор Чаткал району келечекте бир топ тармактарда алдыңкы райондордун катарына кошулууга мүмкүнчүлүгү зор экендигин баса белгилешти.
Эртеси күнү раймамадминистрациянын алдындагы атайы даярдалган жайда маарекенин салтанаттуу ачылышы болуп, анда КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустук жетекчилер тобу, маарекенин сыйлуу конокторунан болушту.
Салтанаттуу ачылышта алгач, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салым кошкон Канжарбек Эшалиев баштаган бир топ инсандарга райондук, облустук жана өкмөттүк деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды.
Андан соң, Чаткал районунун тарыхына байланышкан театрлаштырылган “Чаткал жерим-бүтпөс дастан” аттуу оюн-зоок иш чарасы
тартууланды.
Оюн-зооктон соң, төкмө акын Рахматулла Козукеев, ырчылар-Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Гүлнур Асанова баштаган кыргыз эстрада жылдыздарынын жана белгилүү таланттардын катышуусунда концерт тартууланды.
Маарекенин жүрүшүндө улуттук күрөш, улак тартыш, күлүк чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары да болду.
Улуттук күрөш боюнча мелдеште чаткалдык балбан Мамыров Тынчтык балбандардын баарын жеңип, жыйынтыгында чаткалдык жеке ишкер Идирис Кубатбеков тарабынан коюлган “Жигули” автоунаасына ээ болду.
Ал эми, улак тартыштан баш байгеге коюлган эки даана “Жигули” автоунааларын чаткалдык балбандар Турматов Асылбек жана Кубатбеков Улукбектер илип кетишти. Күлүк чабыштан баш байгеге коюлган жеңил автоунаа бардык күлүктөрдөн озуп келген Таластан келген чабандеске ыйгарылды.
]]>