Коом

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата уюштурулган футбол мелдешинде Жаңы-Базар айылы жеңди

40

Марал Радиосу - Бийиктикке бирге

Бийиктикке бирге!

Биринчилик үчүн 8 команда ат салышты. (маалымат Марал радиосунун сайтынан алынды)
Чаткал районунун 80 жылдыгына карата уюштурулган футбол мелдешинде Жаңы-Базар айылы жеңди
  Бул тууралуу мелдешти уюштуруучулардын бири Ильясбек Нармырзаев билдирди. Анын айтымында, негизи жаркын келечекке багыт деген ураандын астында Чаткалдын жаштарына ар кандай спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулуп келет. Мында райондун 80 жылдыгына карата атайын футбол мелдеши болуп өттү. Ага жалпы 8 команда катышып, биринчилик үчүн күч сынашты. Футболдук таймаш айыл арасындагы 92-96-жылкы спортчулардын катышуусунда курч маанайда уланды. Жыйынтыгында биринчи орунга Жаңы-Базар, экинчиге Каныш-Кыя, үчүнчү орунга Башкы-Терек айылынын курама тобу ээ болушту. Футболдук таймаш абдан курч маанайда өтүп, Жаңы-Базар айыл командасы атаандаштарын ири эсептик көрсөткүчтө утуп алып жатты. Айта кетсек, финалдык беттеште Башкы-Терек курамасын 6:2 эсебинде утуп алды. Оюндун чабуулчусу Билимбек Оморов буга чейинки даярдыктар жана спорттогу эмгектин жардамы менен ийгиликке жетип олтурганын айтты. Мелдеш мыкты маанайда аяктап, жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар уюштуруучулар тарабынан тапшырылды. Мындан сырткары “мыкты чабуулчу” жана “мыкты коргоочу” деген номинациялар өз ээлерин тапты. Баса белгилей кетсек, мындай спорттук мелдеш мындан ары да улантылып тураары белгилүү болду. Кийинки эстафета Жаңы-Базар айылынын 92-жылы туулган жаштарына берилди.  
Автор: Илгиз Жамалбеков ilgiz@maralfm.kg
 ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь