Коом

Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата райондогу айылдык кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Сейталиев Уралдын куттуктоосу

45

Чаткал районундагы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынын төрагасы (3) Урматтуу жердештер! Сиздерди Районубуздун  уюшулгандыгынын 80 жылдык маарекеси менен   айылдык кеңештердин  кошмо жыйынынын аттынан чын дилимден куттуктаймын! Бир кылымга жакын тарыхы бар районубузда буга чейин көптөгөн  өзгөрүүлөр болуп, районубуз өнүгүү жолунда келгендиги маалым. Районубуз башынан өткөргөн урунттуу мезгилдерге токтоло кетсем, 2014 -2015- жылдар аралыгында  районубуздун негизги жана ички унаа жолдорунун бир топ жерлерине асфальт төшөлүп, районубуздун инфратүзүмү бир топ оңолду.Булардын айрымдарына токтоло кетсек, социалдык объекттерди  капиталдык ремонттоо  жана кайра куруу боюнча КР  Өкмөтүнө караштуу архитектура , курулуш жана турак жай  мамлекеттик  агенттиги  тарабынан Коргон –Сай  айылындагы К.  Акназаров орто мектебинин  курулуш иши башталуу алдында турат. Ак-Таш айылындагы  мурдагы бала бакчаны  калыбына келтирүү боюнча   керектүү каражаттар бөлүнүп,   ремонтто иштери жүргүзүлүүдө.  Мындан тышкары,  Жаны-Базар айылындагы  таза суу түтүктөрүнө 100млн. сом жумшалып, капиталдык  ремонттон өткөрүлдү. Мындан сырткары, Курулуш  айылында жарыктандыруу иштери, Багыш жана Коргон Сай айылдарында  бала бакчаларынын курулуш иштери алынып барылууда. Жогорудагы иштердин аткарылышына  жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын салымы  жана эмгеги зор десек жанылышпайм. Урматтуу жердештер! Районубуздун 80 жылдык маарекесин белгилеп, биздин ийгиликтерибизге жана кубанычыбызга ортоктош болууга дилгирленип, дээрлик бүткүл республикабыздын булуң-бурчунан кадырлуу коноктор келишүүдө. Алар Чаткал районунун бир кылымга жакын мезгилде канчалык өзгөргөнүн өз көздөрү менен көрүшүп, район калкынын жашоо-турмушунун оңолгонуна, райондун социалдык экономикалык жактан бир топ жогорулаганына күбө болушууда. Ылайым ушул бүгүнкү өнүгүүнүн темпин кармап калууга жалпыбыз аракеттенели жана районубуздун тагдырын жаркын келечектүү көрө билели!]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь