Коом

Чаткал районунун жаштар кеңешинин төрагасы Айбек Бекмуратовдун Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата район калкын куттуктоосу

71

Чаткал райондук жаштар кеңешинин төрагасы Айбек Бекмуратов Урматтуу районубуздун тургундары! Сиздерди Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси менен райондогу жаш муундардын атынан кызуу куттуктайм! Быйыл минтип, Чаткал районунун түзүлгөндүгүнө 80 жыл толуп олтурат  бул жылдар аралыгында Чаткал району канча толуп, канча бөксөрбөдү дейсиз….. Совет бийлиги орногон кездеги колхоздошуу мезгили, андан кийин каардуу согуш жылдары айтор, бул жылдар аралыгында Чаткал району өз калкын кемитпей, административдик бүтүндүгүн жоготпой район катары жашап келди. Аз убакыт айрым кырдаалдарга байланыштуу Ала-Бука районуна карап тургандыгы да белгилүү. Антсе да, Чаткал району кайрадан түптөлүп, бүгүнкү күндө кылым карытаарлык тарыхы бар административдик аймак катары бүткүл республикага таанылып олтурат. Өткөн сексен жыл аралыгында районубузду бүткүл республикага тааныткан бир нече жаш муундардын өкүлдөрү өсүп чыкканы белгилүү. Жаштардын бир нече мууну Чаткал районунун түптөлүшүнө кезинде өздөрүнүн бараандуу салымдарын кошушкан. Алардын катарында белгилүү коомдук ишмерлер, спортчулар, айыл чарба кызматкерлери, мугалимдер, маданият кызматкерлери  жана башкалар бар. Булардын айрымдарына  токтоло кетсек-белгилүү спортчулар Т. Эрматов, Ж. Кошбаев, Н. Исмаилов, М. Раимкуловдор. Чындыгында, Маданият тармагында-Т. Бектурганов, И. Агыбай уулу, А. Борошев, Э. Балтагулов, Э. Алчынбеков жана башкаларды атоого болот. Бүгүнкү күндө да бир топ тармактарда чаткалдык жаштар элге кызмат көрсөтүп келишүүдө. Алардын катарына К. Мусабай уулу, С. Алыбаев, Г. Акылбекова, Н. Дүйшөнкул уулу, Ж. Ибраимова, А. Стамбековдоржана буга кошо эле, бир топ жаштарыбыз шаар жериндеги жогорку окуу жайларында билим алышып, Чаткал районун ар тараптан республиканын калкына таанытууда. Чаткал районунун жаратылышы башкаларга окшобогон кооз болсо, Жараткан жергебизге кен байлыктарын да аябай берген тура. Чаткалдык жаштар бүгүнкү күндө жер алдындагы кендерди иштеткен ишканаларда да жооптуу кызматтарды аркалашып, илим-билимге шыктуу, ынтызар жаштар экендигин далилдешүүдө. Биздин жаштардын илим-билимге умтулуусу азыркыдай жүрүш менен кетсе, алдыңкы беш-он жылда республиканын ар кайсы тармактарынын алдыңкы саптарында кызмат көрсөткөн муундардын катарын толуктай алат деген бекем ишеничтемин. Урматтуу районубуздун тургундары! Бүгүнкү күндө республиканын калкы менен биргеликте чоң даярдык менен белгилеп жактан районубуздун 80 жылдык маарекесин татыктуу өткөрүп алалы! Жалпыңыздарга бекем ынтымак жана өсүп-өнүгүү каалайм!  А. Бекмуратов, райондук Жаштар Кеңешинин төрагасы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь