Ардактуу меймандар!
Кымбаттуу Чаткал районунун тургундары!
Баарыңыздарды быйылкы 2015-жылы Чаткал районунун район болуп уюшулгандыгынын 80 жылдык юбилейи менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын ниетим менен куттуктайм.
Кутман жерибиздин атайын өзүнчө район болуп түзүлгөнүнө мына быйыл 80 жыл толду. Элибиз мына ушул тарыхый күндү белгилеп жатып, алды менен кут даарыган Чаткал жергебиздин тарыхына кайрылсак өзүнчө бир айтып бүткүс дастан сыяктанат. Ала Тоого курчалган жергебиз нечендеген кылымдарды карытып, нээ деген адамдардын тагдырын өз койнуна сактаганы кеп аңыздарында, тарыхый жазма булактарда сакталып келүүдө. Мына ушул жаратылыштын төрт мезгилин тең бирдей кудум өзүндөй тартуулап, жашыл төргө чүмбөттөлгөн жергебизди касиеттүү Ыдырыс пайгамбарыбыздын качандыр бир убактарда байырлаганы, Күлбөс хан менен Жанчар хандын отурукташканы, өз кезинде Чаткал шаар болгону, нечендеген журтчулугубузга белгилүү жана белгисиз болуп калган адамдардын жашап өткөнү бул тоо шартында ата кануштун очогун өчүрбөй өмүр кечирип келе жаткан биз кийинки муундар үчүн сыймык.
Ал эми элибиздин бактысына куш конуп, өз алдынча район деген статуска ээ болгон күн 1935-жыл болгон. Мына ошол жылдан баштап элибиздин жашоо шарты жаңы нукка бурулуп, жергебиздин өнүгүү мезгили башталган. Айыл чарба, билим берүү, медицина, маданий жана социалдык тармактарда алга карай өсүш башталган. Элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кыла турган мекемелер ачылып, бир топ кыйынчылыктар жеңилдетилген, жергиликтүү жашоочу калктын саны өскөн. Элдин кат сабатсыздыгы толугу менен жоюлган.Элди тамак-аш, медицина менен тейлөө жакшыра баштаган. Чаткал жергеси айыл чарбасына ылайыктуу болгондуктан айыл чарба багытына бөтөнчө маани берилип, чарбаларда төрт түлүк малдын башы көбөйгөн. Жаңы жолдор ашар жолу жана техниканын күчү менен салынып, алгачкы техникалар келип, дың жерлер өздөштүрүлгөн. Айыл, кыштактардын баарына электр линиялары тартылып, “Илич шамы” жеткирилген.Аэропорт салынып, учак менен адамдарыбыз башка жактар менен катташа башташкан. Күн санап алга карай жылыштар болуп отуруп, калкыбыздын арасынан эмгек алдыңкылары, илимдин адамдары, ар кесиптин ээлер өсүп чыккан. Аларга Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты Ташбай Айдаровду, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси Байыс Айтназарованы, СССР Жогорку Советинин депутаты Бегалы Нарматовду, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты Ороскүл Барпиеваны, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, коомдук ишмер Темиркул Кошбаевди, ал эми биология илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Биймырза Токторалиевди, биология илимдеринин доктору, профессор Жоомарт Сатымкуловду кошууга болот. Мындан тышкары Чаткал жергесинен чыккан бир нече медицина, экология, гиология-минералогия, химия, биология, филология, философия, физика-математика илимдеринин кандидаттары бар.
Ал эми биздин элибиздин арасынан эл керегине жарап, мамлекеттик кызматтарда иштеген бир топ инсандар өсүп чыккан жана чыгууда. Аларга Барпы Рысбаев, Роба Абдысаматова, Жумагүл Эгембердиева, Ыманберди Досбаев, Абдыкайым Оморов жана башкаларды кошууга болот.
Район уюшулгандан берки 80 жыл аралыгында жергебиз мурдагы калпынан таанылгыс өзгөрүп-өсүүгө карай багыт алды. Баардык тармактарда күн санап жаңылануулар болууда. Жашообузду сивилизациялуу жолго түшүрүүгө аракеттер көрүлүп, инфраструктура өзгөрүлүп, шартыбызга жараша жаңы имараттар, заманбап жаңы мектептер, спорттук залдар, клуб, балдар бакчалары, көпүрөлөр курулуп, алды пайдаланууга берилүүдө. Республикалык маанидеги спорттук оюндар районубузда өткөрүлө баштады. Жолдорубузга асфальт төшөлүп, айылдарда түнкү жарыктандыруулар коюлууда.
Жергебиздин жер алдындагы кен байлыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылып, инфесторлор тартылып, натыйжасында жаштарыбыз жумуш менен камсыз болуп, кен байлыктарын иштетип жаткандардын эсебинен районубузга киреше келе баштады. Дотацияда отурган айыл аймактардын алды өзүн-өзү каржылоого мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Акыркы кезде жашоону жаныча көз караш менен караган билимдүү жаштарыбыздын жаңы муундары өсүп келе жатат. Мунун өзү келечектен көптү үмүттөндүрүп келет.Алардын жаратмандыгынын касиети менен Чаткал көптү суктандырган чөлкөмгө айланарына элибиз ишенет.
Чаткал районунун район болуп уюшулгандыгынын 80 жылдык юбилейи областтык деңгээлде жергебизде белгиленип жаткан кезде баарыңыздарга бакубат жашоо, ынтымак, ден соолук каалап, районубузда жакшы жетишкен ийгиликтер жарала беришине тилектешмин.
Канжарбек Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
]]>