Мына ушул иштелип чыккан 3 жылдык Стратегиялык пландын чегинде 2015-жылы 28-июлда “Чаарат ЗААВ” компаниясынын жетекчилигинин жана Чаткал районунун акиминин катышуусунда 2015-жылга карата эки тараптуу Меморандум-Келишим түзүлдү. Бул Келишим боюнча 2015-жылы ичинде “Чаарат ЗААВ” компаниясы Чаткал районуна 11 000 000 (он бир миллион) сомдук демөөрчүлүк жардамын көрсөтмөкчү. Атап айтканда:
- Райондун борбору Каныш-Кыя айылынын жолдоруна асфальт төшөө иштерин улантууга 6 000 000 (алты миллион) сом;
- Чаткал районунун уюшулгандыгынын 80 жылдык мааракесин өткөрүүгө 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) сом;
- Чаткал айыл аймагынын имаратын ремонт жасоого 400 000 (төрт жүз миң) сом;
- Курулуш айылында балдар бакчасын ремонт жасоого 200 000 (эки жүз миң) сом;
- Жаңы-Базар айылында балдар бакчасын ремонт жасоого 200 000 (эки жүз миң) сом;
- Жаңы-Базар айылында мектепти ремонт жасоого 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
- Чандалаш айылында мектепти ремонт жасоого 100 000 (жүз миң) сом;
- Жаңы-Базар айылында мечитти ремонт жасоого 200 000 (эки жүз миң) сом;
- Акташ айылынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө 100 000 (жүз миң) сом;
- Сумсар айылында балдар бакчасын ремонт жасоого 50 000 (элүү миң) сом;

- Сумсар айылында мектепти ремонт жасоого 100 000 (жүз миң) сом;
- “Чаткал” волейболдук клубуна колдоо көрсөтүүгө 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;
- Каныш-Кыя айылында майда дүң соода жасочу дүкөнүн кеңейтүүгө 500 000 (беш жүз миң) сом;
- Автобусту оңдоо иштерине 200 000 (эки жүз миң) сом;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында чаткалдык студенттерди окутууга жана башка чыгымдар үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилмекчи.


