Ал 1963-жылы Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Бактылуу балалык чагы дал ушул айылда өтүп, убакыт келип бой жетип, Кыргыз Мамлекеттик Медицина иниститутуна тапшырып, ал жерди 1987-жылы ийгиликтүү аяктапган. Алгач 1987-1988 жылдары Ош областык ооруканасында бир жылдык интернатурасын өтөп, 1988-жылдан тартып 1990-жылга чейин Ала-Бука райондук борборлоштурулган ооруканада врач анестезиолог-реаниматолог, 1990-1992 жылдары Көк-Серек участкалык ооруканасында башкы дарыгер,1992-жылдан 1998-жылга чейин Ала-Бука райондук борборлоштурулган ооруканасында врач анестезиолог-реаниматолог болуп эмгектенет. Андан соң, тактап айтканда, 1998-жылдан тартып, Чаткал районунун борборлоштурулган райондук ооруканасында врач анестезиолог-реаниматолог, терапевт, УЗИ диагностикасында адис болуп эмгектенет. 2006-жылдан тарта ушул эле ооруканада хирургия бөлүм башчысы, мындан тышкары акушер-гинеколог, рабиолог, гельминтолог, жана онколог кызматында иштейт. Ал эми, 2014-жылдан баштап врач онколог, УЗИ диагностикасында узист жана КДО бөлүмдө бөлүм башчы болуп эмгектенип келе жатат.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, жигит курак кезинен тартып ушул күнгө чейин медицина тармагынын бир гана тармагы менен гана чектелип калбай ар тарабынан билим алып, элдин ден-соолугунун саламаттыгына кам көрүп, көп кырдуу дарыгерлердин катарынан орун алып келет. Ошондой эле көп кырдуу дарыгерибиздин элдин ден-соолугуна кам көрүүдөн тышкары дагы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө кызмат кылгандарга жана андагы энелерге бир топ шарттарды түзүп берүүгө жетишти, мындан тышкары хирургия бөлүмүнө да кошкон салымы чоң.
Ушундай келечек жаштарга үлгү болор дарыгерибиздин эмгектери бааланып, 2007-жылы “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси, 2012-жылы Жалал-Абад областынын губернаторунун “Ардак” грамотасы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” жана ошондой эле Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланган.
Эл ичинде элдин батасын алып, ишинде жалпы иш жамаатында кадыр баркка арзып келет. Үй бүлөсүндө камкор ата эки уул,үч кызды жубайы Айтилла экөө тарбиялап өстүрүп, учурда туң уулу Марат Бишкек шаарында музыканттык кесипти аркалоо менен бирге эле, республикалык деңгээлдеги ырчыларга ыр жазып ырларын оранжировкалап кызмат көрсөтүп келет.
Чоң кызы Айжамал Москва шаарында чач тарач стилист болуп иштөөдө. Ал эми кийинки уулу Алмазбек Бишкек шаарынан бир жылдык ашпозчу кесибин бүтүргөн. Кызы Назгүл Бишкек шаарында ИСИТОнун мед колледжинде фармация факультетинде окууда. Кичүү кызы Жасмин Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы гимназия мектебинде окуйт.
Көп кырдуу инсан, белгилүү дарыгер Сатыбалды Жоробековдой инсандар ылайы эл ичинде көп болсун демекчибиз.
Гүлмайрам Ташбаева КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү]]>