Чаткал өрөөнүнүн жер алдындагы кен байлыктарын чалгындоо, өндүрүү иштери ар кайсы жактан келген фирмалар тарабынан жүргүзүлүп келаткандыгы маалым. Булардын ичинде көбү чет элдик фирмалар болсо, айрымдары атамекендик фирмалар болуп эсептелет. Муну айтайын дегеним, жер алдындагы кендерди өндүрүүдө жергиликтүү жарандар да өз алдынча фирма ачып, чет элдик фирмалардан кем калышпай, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздай башташкандыгы кимди болсо кубандырат. Булардын бири “Терек-Сай жаштары” фирмасы.
Бул фирма аты айтылып тургандай, Терек-Сайдын тургуну, азыркы учурда аталган фирманын аткаруучу директору Уланбек Мамбеткулов тарабынан түзулгөн. Ал эми, фирманын башкы директору Искендер Таиров.
“Терек-Сай жаштары” фирмасы өткөн жылы Терек-Сайдагы сурьма кенин аукциондон утуп алгандыгы көпчүлүккө белгилүү. Бүгүнкү күндө, фирма утуп алган сурьма кенинде иш баштала элек, тактап айтканда, кенди керектүү өндүрүүгө шарттар түзүлүүдө.
Азыркы кезде фирмада толук кандуу жумуш баштала элек болсо да, Терек-Сай айыл аймагынын жаштарынан он эки тургун жумуш мене камсыз болуп, баары күзөтчүлүк жумушта иштешүүдө. Антсе да, фирма тарабынан Терек-Сай айыл аймагына бир топ социалдык жардамдарды берилип келаткан кези. Атап айтсак, Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарынын жаштарына фирма тарабынан жалпысы сексен беш миң сомдук стол тенниси, воллейбол жана баскетбол оюндарынын керектүү спорттук шаймандары алынып берилген. Ал эми, мындан сырткары, өтүп бараткан жылдын биринчи жарымында, аукциондон утуп алган фирма катары мыйзамга ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине 17 млн. сомдон ашуун акча каражатын которуп беришип, айыл аймактын бир топ социалдык көйгөйлөрүнүн чечилишине зор салым кошо алышты.
-кенди өндүрүүгө толук кандуу жумуштар эмки жылдан башталмакчы. Ага чейин деле Терек-Сай айыл аймагына ар тараптуу колдоолорду көрсөтө бермекчибиз-дейт фирманын аткаруучу директору Уланбек Мамбеткулов.
Уланбек Мамбеткулов өзү да өздүк каражатынын эсебинен айыл аймакка демөөрчүлүк көрсөтүп келаткандыгын билдирди. Анын билдиришинче, быйылкы 31-август-КР. Эгемендүүлүк майрамына карата айыл аймакка 10 миң сом берген. Ал эми, быйылкы жаңы окуу жылында Чымканаев орто мектебине 40 миң сомдук демөөрчүлүк көрсөткөн. Мындан сырткары, фирмада иштеп жаткан жаштарга воллейбол оюнуна спорттук кийимдерди алып берген.
Сөз соңунда, “Терек-Сай жаштары” сыяктуу жергиликтүү фирмалардын саны мындан ары да артып, чет элдик фирмалар менен теңтайлаша иштеп, мыйзамды түшүнө билген, элге да, жерге да бирдей маданияттуу жана сарамжалдуу мамиле жасаган жергиликтүү фирмалар көбөйө берсин демекчибиз.
М. Эшназаров ]]>
Демөөрчүлүк