Токобаев Өскөнбай 1951-жылы туулган, билими жогорку, экономист Кыргыз Агрардык Академиясынын агрардык өндүрүштүн экономикасы жана башкаруу адистигин алган.
Ал өзүнүн алгачкы эмгек жолун 1968-жылы Ала-Бука районунун Чаткал совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1973-1988-жылдары Чаткал мал чарба станциясында, Башкы-Терек совхозунда экономист жана башкы экономист болуп эмгектенип, райондун түптөлүшүнө көрүнүктүү салым кошкон.
Мында иштеген жылдары тууралуу ошол кезде аны менен бирге иштешкен Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер Саматкул Максымбеков да Өскөнбай Токобаев тууралуу жылуу пикирин айтып келет.
Ал андан соң, 1988-1995-жылдары Каныш-Кыя совхозунда башкы экономист болуп иштеп, 1995-жылдын май айынан өмүрүнүн акырына чейин экономист, башкы адис, жетекчинин орун басары болуп Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенип келген.
Өскөнбай Токобаев 1979-89-99-2009-жылдардагы Эл каттоолордо жана 2002-2003-жылдардагы айыл чарба каттоосунда инструктор, бөлүм башчы, жетекчинин орун басары катары иш алып барган. Ал эми азыркы мезгилде башкы адис болуп иштеп келген.
Башкы-Терек, Каныш-Кыя совхоздорунда иштеп жүргөн мезгилдеринде райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымдары ошол кездеги мамлекеттик бийлик органдары тарабынан эске алынып, бир нече жолу совхоз дирекциясы, райондук партиялык комитети тарабынан “Ардак Грамоталарга” татыктуу болгон. Тактап айтканда, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын эки жолу, Жалал-Абад облустук мамлекеттик статистика башкармасынын, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администациясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган.
Ал эми, 2010-жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын статистика кызматынын отличниги төш белгисине татыктуу болгон. 2012-жылдын жыйынтыгы менен Өскөнбай Токобаевге Жалал-Абад областынын аймагындагы райондук, шаардык мамлекеттик статистика бөлүмдөрүнүн арасындагы мелдештин шарттары боюнча 2012-жылдын “Эң мыкты кесипкөй башкы адиси” наамы ыйгарылган.
Токобаев Өскөнбай басып өткөн эмгек жолунда такшалган тажрыйбалуу экономист, жөндөмдүүлүгү жогору инсан, адис катары иш алып барды. Тапшырылган ар кандай иштерди жогорку жоопкерчиликти сезүү менен өз убагында так жана сапаттуу аткарууга жетишкен.
Мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү катышуу менен райондук деңгээлде жана өз коллективинин арасында кадыр баркка ээ жана коллективде жаш адистерди тарбиялоодо мыкты насаатчы эле.
Анын аткарган иштери, жүрүш-турушу көпчүлүгүнө асыресе, өсүп келаткан жаш кадрларга үлгү болгон. Өскөнбай Токобаевди калк өтө принципиалдуу, көп нерсеге көзү жетик жана өз ишинин майын чыгарган жана аткарган иши үчүн эч кимге милдет кылбаган ак жүрөк инсан катары билишчү десем жаңылышпайм.
Чындыгында, райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн мыкты билген мындай тажрыйбалуу экономист райондо сейрек экендиги талашсыз.
Айрыкча, анын пенсияга чыкса да, арыдым, карыдым-дебей, жаштардан кем калышпай иштеп, райондук статистика бөлүмүнүн кызматкерлерине гана эмес, райондогу бир топ мекемелердин эсепчилерине билгенин үйрөтүп, аларга жол көрсөткөн мыкты насаатчы катары иштеп келгендиги мактоого гана татырлык.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору болгон.
7 баланы тарбиялап чоңойткон. 16 неберенин чоң атасы жана таятасы. Уулдарынын ичинен кичүүсү Бекболсун ата жолун жолдоп, экономист-бухгалтер кесибин аркалап келүүдө. Ал азыр борбор калаадагы жеке фирмалардын бирине башкы эсепчи болуп эмгектенип жаткан кези.
Өскөнбай Токобаевге көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн “Чаткал районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.
“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп улуу акын Аалы Токомбаев айткандай, мындай жетик инсандардын көзү өтүп кетсе да, жасаган эмгеги албетте, элдин эсинде түбөлүк сакталып кала бермекчи.
А. Стамбеков, райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси
]]>