Негизки

Пенсия төлөмдөрү көбөйтүлөт

23

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун  негизги милдеттеринин бири болуп жарандарды пенсия менен  камсыз кылуу жана пенсионерлерди социалдык жактан колдоо максатында, пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү менен бирге, пенсиялардын орточо өлчөмүн эң төмөнкү  керектөөчү бюджеттин өлчөмүнөн жогорку денгээлде сактоо болуп саналат. Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2014-жыл 24.11. №670 токтому менен «Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы» бекитилип, ишке кирген. Концепцияда жашоо өсүп жаткан шартта пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу, жарандардын пенсия алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекет кепилдиктерди күчөтүү үчүн иш чаралар каралган. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.06.2015-жылдагы №411 «2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү  төмөндөгүдөй тартипте көбөйтүлөт: (А) 2015-жылдын 1-сентябрына карата 40 жыл жана андан көп  камсыздандыруу стажы бар эркектерге жана 35 жыл же андан көп камсыздандыруу стажы бар аялдарга, ошондой эле 1-топтогу майыптарга 500 сомго жогорулатылат. (Б) Калган пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 250 сомго  жогорулатылат. 1-мисал: Аманов Б 2010-жылдан бери жаш курагы боюнча пенсия алат. 2015-жыл 01.09 карата анын жалпы камсыздандыруу стажы 41 жыл 5 айга барабар жана электр энергиясы үчүн компенсацияларды кошуп эсептегенде пенсиясынын өлчөмү 3205 сомду түзөт. Демек анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлүп, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиясы 3705 сомго барабар болот (3205+500). 2-мисал Акматов А 1-топтогу  майыптыгы боюнча 4400 өлчөмүндө пенсия алат. 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиясы 500 сомго көбөйтүлөт, өлчөмү 4900сомго жетет.(4400+500=4900) 2-топтогу майыптыгы боюнча  пенсия алгандарга: биринчи кезекте 2015-ж 01.09. карата анын  камсыздандыруу стажы аныкталат. Эгерде 2015-жыл 01.09. карата  2-топтогу  майыптыгы боюнча пенсия алган эркектин 40 жыл же андан көп камсыздандыруу стажы жана аялдын 35 же андан көп камсыздандыруу стажы болсо анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөндөн аз болсо 250 сом кошулат. 3-мисал Кожомкулова Г 2-топтогу майыптыгы боюнча 3850 сом өлчөмүндө пенсия алат. Анын камсыздандыруу стажы 37 жыл демек анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлүп,  2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиясынын өлчөмү 4350 сомго  жетет. (3850+500=4350) 4-мисал Асанов Т  жаш курагы боюнча пенсионер 2015-жыл 01.09 карата электр энергиясы үчүн компенсацияларды кошуп эсептегенде пенсиясынын өлчөмү 4732 сомду түзөт. Анын камсыздандыруу стажы 38 жыл 2015-жыл 01.09 карата анын пенсиясы 250 сомго көбөйтүлүп 4982 сомго барабар болот.(4732+250=4982) 5-мисал Алиев А 2-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алат. Пенсиясынын өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсацияларды кошуп эсептегенде 2250 сом жалпы камсыздандыруу стажы 10 жыл 2015-жыл 01.09 тартып анын пенсиясынын өлчөмү 250 сомго көбөйтүлүп 2500 сомго жетет. (2250+250=2500) 3-топтогу майыптыгы боюнча пенсияларда да камсыздандыруу стажы аныкталат. Эгерде 2015-жыл 01.09 карата 3-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган эркектин 40 же андан көп стажы  жана аялдын 35 же андан көп камсыздандыруу стажы болсо анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлөт. Бирок мыйзам чегинде жарым суммасы же 250 сом төлөнөт. (500*50%=250сом) Эгерде 3-топтогу майыптын стажы 40 жана 35 жылга жетпесе, анын пенсиясы 125 сомго көбөйтүлөт.(250*50%=125сом) 6-мисал Ашымова С 3-топтогу майыптыгы боюнча 1857 сом өлчөмүндө пенсия алат. Анын камсыздандыруу стажы 36 жыл 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып анын пенсиясы 500 сомго көбөйтүлүшү керек, бирок мыйзам чегинде жарым суммасы же 250 сом төлөнөт. (500*50%=250 сом). Пенсиясы 2015-ж 01.09 баштап 2107 сомду  түзөт. (1857+250=2107) 7-мисал Кадыров Н -3-топтогу майыптыгы боюнча 1613 сом өлчөмүндө пенсия алат. Анын камсыздандыруу стажы 16 жыл. 2015-жыл 1-сентябрынан тартып  пенсиясы  250 сомго көбөйтүлүп, бирок мыйзам чегинде жарым суммасы же 125 сом төлөнөт. (250*50%=125сом) Бийик толуу шарттарда курагы боюнча пенсия алган адамдардын камсыздандыруу стажы 2015-ж 01.09 карата 1,5 эселенген өлчөмдө эсептелет.(КР Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдын 8-ст ылайык аныкталат) 8-мисал:- Кемелов И.К-5465 сом өлчөмүндө пенсия алат. 2015-жыл 01.09 карата жалпы стажы 48 жыл (Бир жарым өлчөмүндө  эсептелинген бийик толуу шарттардагы стажын кошкондо) 2015-жыл 01.09 тартып анын пенсиясына 500 сомго көбөйтүлүп, 5965 сомду түзөт. (5465+500=5965) Пенсияларды кайра эсептөөнүн дагы бир өзгөчөлүгү индексацияланган эмгек акысы 8000 сомдон жогору болгон адамдардын пенсиясынын биринчи камсыздандыруу бөлүгү  да СП1 кайра эсептелинет. Пенсиялык камсыздандыруу мыйзамынын 23-ст ылайык жекече эсепке алууга чейинки орточо айлык эмгек акы 80 эсептешүү  көрсөткүчүнөн ашпашы керек. Ушундан улам эмгек акысына райондук коэффицент белгиленген жерлерде жашаган жарандар үчүн орточо айлык эмгек акынын эң жогорку чеги 2015-жылдын 01.09 чейин 8000 сом өлчөмүндө эсептелинип келген. «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө, Пенсияны эсептөө  үчүн эмгек акыга түзөтүү  коэффиценттери жөнүндө) КР мыйзамы менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнө чектөөлөр алынып салынды. Ошентип буга чейин пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү чектелген 8000 сомдон эсептелинип келген адамдарга мындан ары өзү иштеп тапкан орточо айлык эмгек акысынан эсептеле баштайт. 9-мисал:-К.Абдрамановдун пенсиясы 2015-ж 01.09.карата 7250 сомду түзөт, анын жалпы камсыздандыруу стажы 42 жыл (а. и. 1996-жылга чейинки стажы 24 жыл) 2015-ж 01.09 карата индексацияланган орточо айлык эмгек акысы 17268 сомду  түзөт. Пенсиясын кайра эсептөөгө чейин пенсиясынын 1-чи камсыздандыруу бөлүгү (СП1) чектелген 8000 сомдон эсептелинип, 1920 сомго барабар болгон (8000*24%=1920). 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиянын 1-чи камсыздандыруу бөлүгү (СП1) өзү иштеп тапкан орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүнө  карата эсептеле баштайт жана 4144 сомду түзөт (17268*24%). Натыйжада К Абдрамановдун пенсиясы 01.09.2015-ж тартып 9974 сомго барабар болот.(7250+500+2224(4144-1920)) №2 тизме боюнча женилдетилген пенсия алуучу жана экинчи камсыздандыруу бөлүгүн Социалдык фонд аркылуу, ал эми базалык жана 1-чи камсыздандыруу бөлүгүн иш берүүчү төлөгөн пенсионерлердин пенсиясы да мыйзам чегинде кайра эсептелинет. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия баккан адамдын 2-топтогу майыптыгы боюнча пенсиясы катары эсептелинет (Пенсиялык  мыйзамдын 7,15,19-ст) жана Пенсиялык мыйзамдын 19-ст ылайык  дайындалат. 1). Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү, багуучусунда калган адамга чектелген  пенсиянын өлчөмүнө  карата кайра эсептелинет: А) 40 жыл же андан көп стажы бар эркектер үчүн жана 35 жыл же андан көп стажы бар аялдар үчүн: -багуусунда калган бир адамга пенсия 250 сомго көбөйтүлөт.(500*50%); -багуусунда калган эки адамга-450 сомго (500*90%); -багуусунда калган үч адамга-600 сомго (500*120%); -багуусунда калган төрт же андан көп адамга 750 сомго (500*150%). Б) 40 жылга жетпеген стажы бар эркектер үчүн 35 жылга жетпеген аялдар үчүн; -багуусунда калган бир адамга пенсия 125 сомго көбөйтүлөт.(250*50%); -багуусунда калган эки адамга-225 сомго (250*90%); -багуусунда калган үч адамга-300 сомго (250*120%); -багуусунда калган төрт же андан көп адамга 375 сомго (250*150%). Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун 1-пунктуна ылайык 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып «Аскер кызматкерлеринин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдын негизинде пенсия алып, кызматтан кеткенден кийин республиканын ар кайсыл тармактарында иштеп жаткан жана Социалдык фондко мамлекеттик камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп жатышкан пенсионерлердин пенсиясынын 2- камсыздандыруу бөлүгү  да кайра эсептелинет. Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына ылайык 1-жолу чектелип жаткан пенсиялардын  камсыздандыруу  бөлүктөрү 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып көбөйтүлбөйт. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык электр энергиясы үчүн белгиленген компенсациялык төлөмдөр өзгөртүлбөйт. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  2005-жыл 12-январындагы №10 токтому менен бекитилген «Пенсияны дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө»  жобо  менен пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиялык иштеги документтер боюнча мурда жүргүзүлгөн  баардык  кайра эсептөөлөр сакталуу бойдон  калат, ошондуктан 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу  өлчөмү да сакталышы керек. 2015-жылдын 1-сентябрындагы кайра эсептөө менен  бир эле убакта башка негиздер  боюнча  пенсияны кайра эсептөөгө  укуктуу болгон учурда (пенсиянын экинчи камсыздандыруу  бөлүгүн кайра эсептөө (СП2); стажы жана эмгек акысы жөнүндө кошумча маалыматтар боюнча  кайра  эсептөө; 80 жашка чыгуу ж.б) биринчи кезекте бул негиздер  боюнча пенсия кайра эсептелет, андан  кийин  2015-жылдын  1-сентябрынан  тартып  пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйтүлөт. (ушул Методикалык  көрсөтмөлөрдө баяндалгандарды  эске  алуу менен өкмөтүнүн токтомунун  1-пунктунда  каралган ченемдер боюнча ). Эгерде пенсионер 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин стажы жана эмгек акысы (СП2) кошумча документтерди, ошондой эле жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө маалыматты тапшырса, 2015-жылдын 1-сентябрынан кийинки пенсиянын жогорулатуу өлчөмү бул негиздер  боюнча кайра эсептөөгө байланыштуу  өзгөрүлбөйт. 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин майыптык тобу, пенсиянын түрү же категориясы  өзгөргөн учурда  пенсияны  жогорулатуу   суммасы өзгөрүлбөйт. 10-мисал: Н.Гончарова  2-топтогу  майыптыгы боюнча пенсия алат жана  2015-ж 01.09. тартып анын пенсиясы 250 сомго көбөйтүлүүгө тийиш.  2015-жылдын 1-сентябрынан  кийин майыптык тобу    1-группага өзгөрсө да, көбөйтүлгөн суммасы (250 сом) ошол бойдон кала берет. 11-мисал К.Бекжонов 3-топтогу майыптыгы боюнча пенсия алат жана стажы 11 жыл 2015-ж. 01.09. тартып анын пенсиясы 125 сомго көбөйтүлүгө тийиш. Бирок 2015-жылдын  1-сентябрынан кийин майыптык тобу  2-группага өзгөргөн учурда К.Бекжановдун пенсиясы 250 сомго көбөйөт. Жогоруда белгиленгендей КР өкмөтү тарабынан пенсиялык камсыздоо системасын  өнүктүрүү компенсациясын иштеп чыгып, биздин жарандарды келечекте пенсия менен камсыздоо, пенсионерлердин социалдык  абалын чыңдоо максатында атайын иш чаралар кабыл алынып, бул багытта чоң реформалык  иш аракеттер көрүлүүдө. Ал эми пенсияларды чектөө, төлөө, социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү  жана башка Социалдык фондко тийиштүү маселелер  боюнча 6-01-41,6-02-66, 3-00-05, 3-00-06 телефондору аркылуу   байланышып  маалымат  алсаныздар болот.

А. Эшикулов, Чаткал райондук Социалдык фонд башкармасынын башчысы

]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь