Чаткал районунун Айгыр-Жал айылына Каныш-Кыя айыл аймагынын каражатынын эсебинен айылдык маданият үйү курулууда. Айылдык маданият үйүнүн курулуш иштерин “Астасстрой” курулуш мекемеси алып барууда. Аталган маданият үйүнүн курулуш иштерине Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 8 млн. 318 миң 941 сом жумшалууда. Маданият үйүнүн курулуш иштери бүткөрүлүп, быйыл ишке берилүүсү күтүлүүдө.]]>