Булардын бири-айылдын чок ортосундагы “Канышай” соода дүкөнү. Бул дүкөндүн тээ Союз мезгилиндеги мыкты абалын кимдер билбейт. Акыркы мезгилдерди дүкөндүн кунары кетип, район борборунун көркүн ачмак турсун, тетирисинче, көркүн бузуп
тургандыгы жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө дүкөн ээси, жеке ишкер Талантбек Ботобеков аталган соода жайынын ичи-тышын заманбап түскө келтирип, оңдоп-түзөп жаткан кези. –Дүкөндүн ичи-тышын азыркы заманбап евро үлгүдө оңдотуп атабыз. Алдыда районубуздун 80 жылдык маарекеси сыяктуу бир топ маанилүү иш чаралар бар эмеспи. Ушул сыяктуу маарекелерде районубузга келген меймандарды район борборунун көрүнүшү кайдыгер калтырбаса деген эле тилек-дейт жеке ишкер Т. Ботобеков.
Эскерте кетсек, район борборуна мындан сырткары да, бир топ жаңы мекемелер, соода түйүндөрү ж.б. бир топ имараттар салынып, район борбору жыл өткөн сайын көркүнө келүүдө.
]]>